Мандалак

Википедия дан
Tulipa‎»‎ барагынан багытталды)

Мандалак (лат. Tulipa, L. 1753) – лилиялар тукумундагы өсүмдүктөр уруусу. Пияз түптүү, бир сабактуу, бир гүлдүү көп жылдык чөп өсүмдүгү. Чөйчөкчөсү жок, тегиз жээктүү 2-3 жалбырактуу, гүлү кызыл же сары кызыл, сары. Жер жүзүндө 100дөн ашуун түрү, Кыргызстанда 19 түрү кездешет. Өрөөндөн тартып бийик тоолорго чейинки жумшак, күрөң-боз топурактуу, шагылдуу, таштактуу жерлерде, ошондой эле шалбаада, боздоңдо өсөт. ардыгы кооз өсүмдүк. Кай бир түрү жоголуп баратат, ошондуктан 9 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Булардын бардыгы Борбордук Азиянын, анын ичинде 7 түрү Кыргызстандын эндеми болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]