Ulysse Nardin
Ulysse Nardin (фр. Улисс Нардан) — швейцариялык люкс саат өндүрүүчүсү.
Компания 1846-жылы Швейцариянын Ле Локл шаарында түзүлгөн. Тарыхта Ulysse Nardin деңиз хронометрлеринин өндүрүүчүсү катары белгилүү, бирок бүгүнкү күндө ал механикалык кол сааттарды чыгарат.
Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компаниянын негиздөөчүсү - тажрыйбалуу саат устасы Улисс Нарден. 1823-жылы 22-январда туулган. Ал Швейцарияда атасы Леонард-Фредерик Нарденден, ошондой эле ошол кездеги эң тажрыйбалуу усталардан Фредерик-Вуиом Дюбуа жана Луи-Жан-Ричард де Брюссель саат жасоо боюнча билим алган.
Дюбуа астрономиялык сааттарды жана навигация үчүн деңиз хронометрлерин жасоого адистешкен. Ошондуктан, кийинчерээк компания деңиз хронометрлерин өндүрүүгө адистешкен. 1846-жылы Ulysse Nardin деген ат менен биринчи саат пайда болгон. Бул жыл бренд негизделген жыл болуп эсептелет.
Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]
-
Планетарий Коперник модели
-
Astrolabium Galileo Galilei модели
-
Модель теллур Йоханнес Кеплер