VI кылым
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Хронологиялык жадыбал | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
VI (алтынчы) кылым — 501-жылдын 1-январынан 600-жылдын 31-декабрына чейин созулган I миң жылдыктын алтынчы кылымы.
Батышта бул кылым классикалык антикалык доордун аякташын жана орто кылымдардын башталышын белгилейт. Мурунку кылымдын аягында Батыш Рим империясынын кулашы Европаны көптөгөн майда падышалыктарга бөлүп, алардын арасында жер жана байлык үчүн катуу атаандаштыкты жараткан. Бул башаламандыктан франктар колдонушуп, азыркы Франция менен Германиянын көп бөлүгүн камтыган чоң аймакты басып алган. Сакталып калган Чыгыш Рим империясы император Юстиниандын тушунда империя кеңейе баштаган, ал Түндүк Африкадагы аймактарын кайрадан өз көзөмөлүнө алып, Италияны толугу менен калыбына келтирүүгө аракеттенген жана Батыш Рим империясы башкарган жерлерде римдин көзөмөлүн кайрадан орнотууга аракет кылган.
Батыш Рим империясынын кулашына байланыштуу Европада адабият, маданият, экономика ж.б. багыттарда өнүгүү төмөндөгөн. Жалпысынан алганда VI кылым Европа тарыхындагы караңгы доор деген аталыш менен тарыхта калган.
Сасанийлер империясы Хосров I тушунда тарыхынын эң өнүккөн чекитине жеткен[1]. Түндүк Индиядагы Гупта империясы хундар тарабынан басып алынгандан кийин, VI кылымдын ортосунда жок болгон.
Белгилүү инсандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мухаммед пайгамбардын туулган жылы (570-жыл)[2].
- Падыша Артур — бриттердин легендарлуу башчысы, британ эпосунун жана көптөгөн романдарынын башкы карманы (баатыры).
- Нурсиялык Бенедикт — кечилдер кыймылдын негиздөөчүсү.
- Григорий I — Рим папасы.
- Турдук Григорий — франциялык тарыхчы.
- Иордан — гот тарыхчысы.
- Кесариялык Прокопий— византиялык тарыхчы.
- Юстиниан I — көрүнүктүү византия императору.
- Агапит I — Рим папасы.
- Агафий Схоластик — византиялык акын жана тарыхчы[3][4][5].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Historical Encyclopedia
- The History Files
- Хронос. Интернеттеги дүйнөлүк тарых
- World History Encyclopedia
- History Skills
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |