Мазмунга өтүү

V кылым

Википедия — ачык энциклопедия
1- миң жылдык
III кылымIV кылымV кылымVI кылымVII кылым
390-чу 390 391 392 393 394 395 396 397 398 399
400-чу 400 401 402 403 404 405 406 407 408 409
410-чу 410 411 412 413 414 415 416 417 418 419
420-чу 420 421 422 423 424 425 426 427 428 429
430-чу 430 431 432 433 434 435 436 437 438 439
440-чу 440 441 442 443 444 445 446 447 448 449
450-чу 450 451 452 453 454 455 456 457 458 459
460-чу 460 461 462 463 464 465 466 467 468 469
470-чу 470 471 472 473 474 475 476 477 478 479
480-чу 480 481 482 483 484 485 486 487 488 489
490-чу 490 491 492 493 494 495 496 497 498 499
500-чу 500 501 502 503 504 505 506 507 508 509
Хронологиялык жадыбал

V (бешинчи) кылым401-жылдын 1-январынан 500-жылдын 31-декабрына чейин созулган I миң жылдыктын бешинчи кылымы.

Батыш Рим империясын саясий жактан алсыз императорлор башкарып, чыныгы саясий күч бара-бара аскер башчыларынын колуна топтолгон. Империя ичиндеги туруксуздуктун натыйжасында 410-жылы вестготтордун армиясы Римге жетип, шаарды талкалап-тоноп кетүүгө мүмкүнчүлүк берген. Кийинки он жылдыктарда Рим бир аз калыбына келген. Батыш Рим империясынын Африкадагы өтө маанилүү провинциянын борбору болгон Карфагенди вандалдар басып алгандан кийин, империянын экономикасына, саясий туруктулугуна дагы бир олуттуу сокку болгон. Африкадагы алдырган провинциясын кайрадан көзөмөлгө алуу аракеттери Аттилла баштаган хундардын басып кириши менен токтоп калган[1][2][3][4]. Аттилла жеңилгенден кийин Чыгыш жана Батыш империялары вандалдар көзөмөлдөп турган Түндүк Африкага каршы акыркы чабуул үчүн күчтөрүн бириктирген, бирок бул жортуул чоң жоготуулара менен ийгилик аяктаган. Батыш Рим империясынын бийлиги 476-жылы расмий түрдө кулаган.

Кытайда Он алты падышалыктын доору уланган[5]. Бул мезгил согушуп жаткан этникалык топтор башкарган кичинекей суб-падышалыктардын түзүлүп жана кулап турушу менен мүнөздөлөт. Мурдагы Цинь династиясынын кулашынан кийин, 439-жылы Түндүк Вэй Кытайдын түндүгүн кайрадан бириктирген. Ошол эле учурда, Чыгыш Цзинь династиясында Цзинь мамлекетинин акыркы императору хундардын императору Лю Юйдун кысымы менен 420-жылы тагынан баш тарткан[6]. Бул окуялар Сун династиясынын түптөлүшүнө алып келип, Түндүк жана Түштүк династияларынын доорунун башталышы болуп калган.

Белгилүү инсандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Аларих I — вестготтордун башчысы жана биринчи падышасы.
  • Анастасий I Дикор — Византия императору.
  • Анастасий II — Рим папасы.
  • Аттила — хундардын башчысы.
  • Аэций Флавий — Батыш Рим империясынын аскер башчысы.
  • Вардан Мамиконян — армяндардын улуттук баатыр, аскер башчы, князь.
  • Месроп Маштоц — армян окумуштуусу, тилчиси, теологу.
  • Святой Патрик — христиандардын касиеттүү ыйык адамы.
  • Теодорих Великий — остготтордун падышасы.
  • Хлодвиг I — франктардын падышасы.
  • Чандрагупта II — Индиянын Гупта династиясынан чыккан императору.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]