We Are the World
"We Are the World" (кырг. Биз дүйнөбүз) - 45 америкалык артисттен турган USA for Africa (United Support of Artists for Africa) үлкөн тобунун кайрымдуулук синглы. Африкада ачкачылыктан жапа чеккендерге жардам чогултуу үчүн биригүүгө үндөгөн бул ырды Майкл Жексон менен Лайонел Ричилер популярдуу музыка жана госпел жанрларында жазышкан. Долбоордун продюсерлери Куинси Жонс жана Майкл Омартьяндар болушкан. Ыр ушул эле аталыштагы альбомго кирген.