Wikipedia:Долбоорлор

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

- Гепатит – боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп 5 түргө бөлүнөт. Бул – жугуштуу ооруулар, боорду уулантуучу дары-дармектер, нерселер, мите курт микроорганизмдери, боордун иштебей калышы, иммундук системанын ишинин бузулушуна алып келет. Бул факторлор гепатиттин ар бир түрүнүн аталышын аныктайт: • Вирустук (Жугуштуу); • Ууландыруучу (алкоголдон, дары-дармектерден); • Нур гепатити (нур оору компоненти); Клетканын жабырлануу даражасы боюнча аныкташат: • Оорунун жеӊил формасы; • Анча оор эмес абал; • Өтүшүп кеткен, оор форма. Бул бир караганда таӊ калычтуу көрүнүшү мүмкүн, бирок – гепатит термини медициналык практикада жакынкы аралыкта эле пайда болгон. Тактап айтканда 1973-жылы Б гепатитине байланыштуу. Мында боор ооруулары адамзаттын цивилизациясы менен кошо жашап келе жатат десек да туура болот. Гепаптит мурдагы мезгилдерде (айрым жерлерде азыр деле) «сарык» деген ат менен белгилүү болгон. Грекче icterus – саргыч тери. Теринин саргыч тартып калышынын себебинен «Сарык» деп аталып калган. Ооба, сарык – бул жабыркаган боордун бирден-бир белгиси болуп эсептелет, бирок ал бир гана түрү катары каралбайт. Саргаюнун өзү сепсисте дагы,өпкөгө суук тийгенде дагы, ич келте ооруусунда болушу мүмкүн. Бирок, сарык кээде эч кандай саргаюу жана башка белгилерсиз өтөт, бул дарт аныктоодо кыйынчылык алып келет: мындай ачык көзгө көрүнгөн белгилерсиз олуттуу жана коркунучтуу дартты оӊой эле өткөрүп жиберүүгө болот. Көпчүлүк учурда сарыктын пайда болуусу вирустарда алар боордун клеткаларында жайгашып, ал органдын нормалдуу иштешин бузуп, жаӊы вирустардын пайда болуусуна шарт түзөт. A(Боткин оорусу HAV), B(HBV), C(HCV), D(сарык дельтасы HDV), E(HEV), F(HF), G(HGV, GBV-C), TTV, SEN – сарык вирустарынын түрү. Андан тышкары сарыктын түрлөрү бар, алардын 20дан ашууну белгилүү. Оорунун курч, жабык өнөкөт түрү же так белгисиз өткөн учуру болот. Сарыктын экинчи аты «жароокер өлтүргүч». Минтип аталып калышынын себеби, оору инкубациялык мезгилинде билинбей өтөт. Сарыктын өнөкөт оорусу өтө коркунучтуу. Көптөгөн жылдар боюу олуттуу ооруп жатканын адам билбей жүрө бериши мүмкүн. Жугуштуу гепатит бизге Боткин оорусу катары белгилүү. Мындай аттоону сарыктын А түрүнө колдонот, аны толук айыктырууга мүмкүн. Саргаюу- сарыктын бул түрүнүн көзгө көрүнгөн белгилеринин бири. Е түрүндөгү сарыктын симптомдору А түрүнө окшош. Убагында дарыланса толук айыгат. В, С, D жана G түрлөрү – оорлоп, көпчүлүк учурда өнөкөт баскычка өтөт жана адамдын организмине олуттуу зыян алып келиши ыктымал.

Гепатиттин жугуу жолдору - Мунун негизги бир нече жолдору бар: • А гепатити: Заӊ – ооз аркылуу жугуу: Кайнатылбаган, ичүүчү суу, жуулбаган колдор аркылуу вирустун курч ичеги жарасы пайда болот. Бул ооруну кир колдордун оорусу деп дагы аташат. • B гепатити: Кан аркылуу жугат. Эненин организминде өөрчүп жаткан оору жаӊы төрөгөн балага; жыныстык жол менен (сейрек). • С гепатити: Организмге вирусу бар кан аркылуу; ооруну алып жүрүүчү жыныстык өнөктөштөн (4% көп эмес) жугат. • D гепатити: В сарыгынын коштоп жүрүүчүсү. Булганган кан менен байланышта болгондо жугат, жыныстык мамиледен азыраак жугат, ымыркай апасынын каны аркылуу жугузуу менен төрөлөт. • E гепатити: Эгер адам дааратканага баргандан кийин колун жуубаса, арыктан же ачык суу сактагычтардагы вирус менен булганган сууну кайнатпай колдонгондо организмге кирет. Эгер аял кош бойлуу кезинде сарыктын Е түрүнө чалдыкканын аныктаса, бала өлүмгө дуушар болот. • G гепатити: Сарыктын коркунучтуу С түрү менен аябай окшош. Вирус жуккан кан аркылуу тарашы мүмкүн, жыныстык катнаш аркылуу азыраак жугат. Ымыркай төрөт учурунда вирусту жуктурушу мүмкүн. • TT жана SEN вирустары: аз изилденген вирустар, жеке аларга таандык кебетеси жок. Негизги жугуу жолу кан аркылуу. Кооптуу топтор – оору башкаларга салыштырмалуу тез өөрчүгөн адамдардын чөйрөсү. Кошумчалай кетсем, гепатиттин А түрү башка оорулардан айырмаланып өнөкөт түрүнө айланып кетпейт. Киши бир ооругандан кийин кайра оорубайт. Ал кишиде иммунитет пайда болот. Бирок, дарыланган адам 5-6 айга чейин диетаны жакшы сактабаса, анда ал өлүмгө дуушар болушу ыктымал. Ал эми гепатиттин С түрүнө кабылган адамдын оорусу көпчүлүк учурда билинбей жүрө берип ал цирроз, рак илдетине айланып кетет. Башкача айтканда, С түрүндөгү гепатитти аныктоо бир аз кыйын, кийинчерээк аны айыктыруу татаал болуп калат. В, С, D түрүндөгү гепатиттерди айыктыруу андан да оор.
Алгачкы белгилери

- Гепатит оорусуна кабылган адамдын алы кетет, анализдери нормадан бузулат, заара, көздүн кареги да саргара баштайт.

Оорудан оолак болуу үчүн эмне кылуу керек?


- Гепатиттин А, Е түрүнө кабылбаш үчүн жашылча-жемишти сөзсүз таза жууп жеп, арыктан аккан таза эмес сууну ичпеш керек. Үйдү, окуган, иштеген жерди таза кармоо шарт. Анан да ар бир адамдын өзүнө тиешелүү гигиеналык буюму болушу керек (тиш щетка, сүлгү, жаш балдардын идиш-аягы ж.б.). Ошондой эле, убагында эмдөөдөн өтүү керек. Ал эми оорунун В, С түрлөрүнөн оолак болуу үчүн кокустук жыныстык катнаштан качуу, айымдардын татуаж, маникюр, педикюр жасаган жабдыктары таза болушу керек. Жана да бирөөнүн тиш щеткасын, тарагын, устарасын колдонуудан баш тартыӊыз.; Ар бир адам жылына бир жолу медициналык көзөмөлдөн өтүп туруусу менен ар түрдүү оорунун алдын алат!