Википедия:Күндүн мыкты макаласы/январь 24, 2012

Википедия дан
Hubble Ultra Deep Field — «Хаббла» спутнигинен тартылган. Оң жакта — Галактикалардын чоңойтулган сүрөттөрү

Галактиктер да жылдыздар сыяктуу топ бонча жайгашканы байкалат. Алсак, биздин Галактика Чоң жана Кичи Магеллан булутчаларынан жана 20га жакын Галактиканын жандоочуларынан турган системаны түзөт. Алар эселенген галактиктер болуп, өз айланасындагы бир нече жандоочулары менен бирге Андромеда тумандуулугун камтыйт.
Биздин Галактика жана Андромеда тумандуулугу галактиктердин жергиликтүү тобун (системасын) түзүп, өлчөмү миңдеген парсекке барабар. Жергиликтүү топ өтө чоң эмес системаны түзүп, ага жүз жана миңдеген галактиктер кирип, галактиктердин топтолуштарын түзүшөт. Бизге жакын жайгашкан галактиктер топтошуулары Бийкеч топ жылдызына тушма-туш келип, жүздөгөн ири галактиктерди камтыйт. Бул Галактиктик система бизден 20 мпк аралыкта жайгашып, анын диаметри 6 мпкке барабар. Өтө ири Галактиктик топтошуулар Вероника түктөрү, Түндүк Таажы, Геркулес жана башка топ жылдыздарга туш келет.
Галактикадан тышкары астрономиялык байкоодон, диаметри 50 мпкке барабар болгон 10 миң чамасындагы Галактиктердин жергиликтүү жогорку топтошуулары бар экендиги аныкталган. Ал жогорку топтошуучу галактиктердин борбору Бийкеч топ жылдызына туш келет.
Андан тышкары бир нече ондогон Галактиктердин жогорку топтошуулары аныкталган. Алардын экөө бизге жакын жайгашып 100 мпк аралыктан орун алат. Ошентип Ааламдын курамына ар түрдүү убакыт деңгээлинде атом ядросунан баштап Галактиктердин өтө зор топтошууларына чейинки системалар кирет. Калганын окуу