Википедия:Мыкты макала

Википедия дан
Суунун химиялык түзүлүшү

Атмосфера – бул (грек. ατμός атмос-буу, сфера-шар) Жердин газдуу оболочкасы. Илимде Жердин атмосферасынын пайда болуу этабы тууралуу бир нече теория бар. Кеңири тараган теорияга кайрылсак, атмосфера төрт ири этапты б.а. төрт түрдүү курамды басып өткөн. Алгач ал жеңил газдардан турган (суутек жана гелий). Кийинки этапта атмосфера башка газдар (суу буусу, аммияк, углеводороддор) менен толукталган. Бул калыбына келүү этабы болгон. Үчүнчү этапта атмосфера ири көлөмдөгү азот жана көмүр кычкыл газы менен толукталган. Бул этаптын аягында атмосферадагы кычкылтектин көлөмү арткан. Илимде айтылгандай, бүгүнкү күндө атмосфераны басып өткөн этабындагы бардык процесстер жүрүп турат.
Атмосферанын пайда болушу менен бул планетада жашоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Жер шарынын атмосферасы азоттон, кычкылтектен, суу буусунан жана аз көлөмдөгү башка газдардан турат. Ошондой эле, атмосфера Жер шарын Күндүн зыяндуу ультрафиолеттик нурдануусунан коргоочу кызматты аткарат. уландысы ...