Wikipedia:Сунуш

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кочкоров Чиркеш[булагын оңдоо]

Эл агартуунун отличниги, В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалынын ээси Кочкоров Чиркеш 1930-жылы Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган. Балалык мезгили согуш мезгилине туура келип, тылда эмгектенген. Ал 35 жылдык өмүрүн билим берүүгө арнап, өзүнүн көпчүлүк ишмердигинде мектептерди уюштуруп, аларды жетектеп турган. 1952-жылы Ноокат районундагы Правда орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тил адабият факультетине тапшырып, аны 1956-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1956-57-жж. Интернационал мектебине мугалим болуп кирген; 1957-58 жж. Ломоносов атындагы орто мектепте иштеген; 1959-61 жж. Тельман атындагы орто мектепте директор; 1961-62 жж. Кичи-Алай сегиз жылдык мектебинде директор; 1962-72 жж. Свердлов атындагы орто мектепте директор; 1973-91 жылдар арасында жыйырма жылга жакын Тельман атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген; 1991-ж ардактуу эс алууга чыгып, бир топ жыл айылдын аксакалдар кеңешинин төрагасы болгон. Кочкоров Чиркеш Кыргызстан мугалимдеринин IV жана VI съездинин делегаты болгон, Эл агартуунун мыктысы, В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган. Кочкоров Чиркеш 2005-жылы 23-февралда 75 жашында дүйнөдөн кайткан.