Википедия:Тандалган окуялар/3-февраль

Википедия дан

3-февраль

Окуялар

1815-жыл – биринчи быштак фабрикасы Швейцарияда курулган.

1870-жыл – расасына карабай жарандардын шайлоо укугун кепилдеткен АКШ Конституциясына 15-оңдоо бекитилди.

1918-жыл – дүйнөдөгү эң узун (3 633 метрлуу) Твин Пикс (Эгиз чоку) аттуу трамвай туннели Калифорния, Сан–Францискодо ишке киргизилди.

1925-жыл – СССРдин Чоң театрынан (Большой театр) биринчи жолу «Князь Игорь» операсынын радиоуктуктуруусу берилди. Ушул күндөн баштап Москванын театрларынан спектаклдердин туруктуу түрдөгү уктуруусу башталды.

1958-жыл – Бенилюкс экономикалык бирдиги түзүлдү, кийинки Европалык Экономикалык коомдоштугунун негизи болду.

1966-жыл – СССРдин “Луна–9” учкучсуз космос кемеси дүйнөдө алгачкы болуп Ай үстүнө кондурулуп жана ал аркылуу биринчи Ай фотопанорамасы жөнөтүлдү.

Төрөлгөндөр

1809-жыл - Феликс Менделсон, немис композитор (1847-ж.к.ж.).

1859-жыл – Хуго Юнкерс, немис учак конструктору (1935-ж.к.ж.).

Көз жумгандар

1468-жыл – Иоганн Гутенберг, немис китепбасмасын ойлоп табуучусу (1397–1400 жж. арасында т.).

1849-жыл – Алексей Матвеевич Филомафитский, дарыгер, россиялык физиологиянын негиздөөчүсү.

1935-жыл – Хуго Юнкерс, немис учак конструктору жана өндүрүшчү (1859-ж.т.).

1989-жыл - Лайонел Ньюман, америкалык кино музыка оркестринин дирижеру, композитор жана аранжировщик (1916-ж.т.).