Wikipedia баарлашуу:Долбоорлор

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Жүрөк - күнүнө 100000 ирет, айына 3 миллион жолу кагылып, суткасына 100 литр кандын бүткүл организм боюнча айланышын камсыз кылган уникалдуу орган болуп эсептелет. Орточо салмагы 300 граммды түзгөн адам жүрөгү кан тамыр системасындагы эн башкы звено. Жүрөк жыйрылганда анын оң тарабынан кан өпкөлөргө жетип, ал жерде кислород менен азыктанат да, андан сон жүрөктүн сол бөлүкчөлөрүн кыйгап өтүп бүткүл организмге таркайт. Ал эми жүрөктүн кислород менен үзгүлтүксүз азыктанышын аортадан таралган коронардык тамырлар камсыздайт.

Жүрөк оорусу ар түрдүү. Ошентсе да алардын ичинен эң көп таралганы – жүрөк коронардык (ишемиялык) оорусу (КБС). КБСтын пайда болушуна негизи коронардык артериялардын тарышы жана атеросклеротикалык бүртүкчөлөр менен бүтөлүп калышы башкы себептердин бири. Натыйжада жүрөк булчуңдарынын кислородго болгон муктаждыгынын тең салмактуулугу бузулат.

Көп сандаган илимий изилдөөлөр КБСтин өнүгүшүно жана күчөшүнө шарт түзүүчү факторлорду аныктоого мүмүундүк берди. Алар опурталдуу факторлор деп аталат.

КБСтин калк арасында кеңири таркалган жана ушул оору менен байланышкан негизги факторлорунун катарына төмөнкүлөрдү кошсо болот:

· Майлуу азыктарды сиңирүүнүн бузулушу (кандагы холестериндин ашыкчалыгы);

· Артериалдык кан басымдын көтөрүлүшү;

· Тамеки чегүү;

· Кант диабети, ширин азыктардын канда көбөйүшү;

· Дененин ашыкча салмагы, семирип кетүү;

· Кыймыл аракеттин азайышы (гиподинамия);

· Психоэмоционалдык таасирленүү, депрессия; · Стресс.

Бирок, дарылоо жолу менен жөнгө салуу колдон келбеген:

· Жыныстык;

· Жаш курак;

· Тукум куучулук сыяктуу факторлор бар.

КБСтин пайда болушуна жана күчөшүнө шарт түзгөн опурталдуу факторлорду коррекциялап туруу, тактап айтканда көзөмөлдөө бул дартты алдын алуунун өзөгүн түзөт. КБС ар кандай формада пайда болушу мүмкүн. Эң негизгилери – стенокардия менен миокардын инфаркты экендигин айтыш керек.

Стенокардиянын башкы белгилери бул көкүрөк капталда же жүрөк тушта ооруксунун, салмактануу, кысылуу, ачышуу байкалат. Ооруксунуу адата моюнга, ичинге, колго, көбүнесе сол тарабына берилип узактыгы 3-5 минутага созулат.

Негизинен күчүркөнүүнү токтоткондо же нитроглицерин таблеткасын кабыл алганда 2-3 минутадан кийин ооруксунуу жоголот. Стенокардиянын тез-тез кармаган стабилдүү агымын туруксуз абалдан, өзгөчө миокардын инфарктысынан айрымалоо учун ото маанилүү. Ооруксунун тынч олтурганда да пайда болот. Нитроглицериндин демейдеги дозасы жардам

бербесе жана аны көбөйтүү зарылдыгы пайда болгон жагдайда миокард инфарктысы менен башка оорулардын да илешүү коркунучу күчөйт.

Эгер ооруксунун күчөгөндөн күчөп, узактыгы 20 минутадан ашса, тынч абалда деле толкун сымал кайталанса, ага ныксыроо жана коркунуч сезими кошулса, жүрөктүн согушу тездеп жана артериялдык кан басым кескин термелсе тезинен врачтын кеңеши же тез жардам чакыруу зарыл. Мындай учурда баардыгынан мурда миокардын инфаркты болдубу деп шектенүү туура. КБС кыстаган кырдаалда озүңүздөргө жана жакын адамдарыңыздарга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча эң зарыл маалыматтар менен бирге бир нече жөнөкөй кеңештерди бергибиз келет.

Албетте, ден соолук үчүн эң башкысы – эмгектенүү менен эс алуу, рационалдуу режимди сактоо зарыл. Ден соолукту сактоодо туура бөлүштүрүлгөн күн тартиптин мааниси зор. Дайыма бир убакта жатып, бир убакта турууга аракет жасоо зарыл. Уйку жетишээрлик, 8 саатан кем эмес жана терең болушу керек.

Диетаны сактоо керек, башкача айтканда тамакты ылгап жеш абдан керек. Орчундуу дегендерин санап берейин: кара нан, жаңы жашылча, жемиш (күнүнө 400 граммдан кем эмес), буурчак

жана анын түрлөрү, жаңгак, уй канаттулардын ак эти, балык, майсыз сүт азыктар.

Ал эми, төмөндөгү тамак аштар менен азыктанууну чектөө керек: майлуу эт, малдын ич эти, куурулган жана ышталган тамактар, сары май, майлуу сут азыктары, жумуртка, кант, таттуу, кондитер азыктары, тузду кунуно 5 граммга чейин гана жеш керек, алкоголь ичүүнү чектөө зарыл. Жогорудагы факторлордон тышкары дене салмагына да көңүл буруу зарыл. Нормалдуу салмакты аныкташ үчүн бой (см) – 100см формуласын колдонсоңор болот. Мисалы: 180см-100см=80кг. Салмактын көрсөткүчү катары сиздин белгиниз да кызмат кылат. Эркектердин бел курчоосу 102см, аялдардыкы 89см ашпоосу керек. Өзүнөрдүн белиңер менен жамбашыңарды ченеп көргүлө. Эркектердики < 0,90, аялдар учун < 0,85 < > нормалдуу.

ИБС жана артериялдык гипертония менен ооругандар үчүн көкүрөк тушка жана семирүүнүн абдоминалдык (жогору) тиби курсакка (эркектерге мүңөздүү) топтолгон май алда канча жагымсыз экендигин билүү маанилүү.

Бүгүнкү күндө көбүнесе шаардыктар транспортту, лифтини көп колдонуп, үйгө келсе телевизордун жанынан чыкпай же китеп тиктешет.

Оорулуулар өзүлөрүн сергек сезиши жана ден соолуктарын чындаш үчүн кыймыл аракеттердин ылайыктуу режимин сактап, дарылоочу физкультуранын атайын комплекстерин аткаруулары керек. Дене тарбиялык көнүгүлөр

катары биз эртең мененки гигиеналык гимнастиканы, дарылоочу физкультуранын комплекстерин, ченемдүү басыкты, айрымдарга чуркоону, велосипедде жүрүүнү, лыжа, коньки тээп, сууда сүзүүнү сунуш кылабыз. Физикалык көнүгүүлөр ИБС менен ооругандарды реабилитациялоонун натыйжалуу куралы болгон менен, кээде аны ашкере колдонуунун кооптуу жактары да бар. Ошондуктан физикалык көнүгүүлөрдүн коопсуз деңгээлин аныктап алуу өтө маанилүү.

Тамеки чегүүнүн зыяндуулугун баарыбыз билебиз. Никотин – жүрөк кан тамыр системасынын эң башкы душмандарынын бири. Кан басымды көтөрөт, тамырларды тарытат, аритмияны пайда кылып, кан тамырлардын капталдарында жаман холестериндердин топтолушуна себепчи болот, канды коюлтуп, кандагы кислородду азайтат. Ушунун баары биригип ИБС дарттуулардын жүрөк кан тамырларына күч келтирет. Ошондуктан тамеки чегүүдөн баш тарткан соң. Ал эми алкоголь туурасында ар кандай көз караштар бар. Айрым илимпоздор азыраак ченемде (30 мл спирт, 60 мл арак, 240 мл вино же 355 мл пиво) күнүнө ичсе ден соолукка зыянсыз деп эсептешет.

Бирок, канткен күндө да мындай өлчөмдөгү алкоголду ичүүгө болбойт. Анткени, врачтар айтты деген менен адам өзүн карманалбай ашыкча ичиши мүмкүн.

Диспансердик текшерилүү жана алдын ала дарылануу-дарттын күчөп кетишине жол бербейт, ден соолуктун жана ишке жарамдуулуктун

сакталышына өбөлгө болот. Ошондуктан маал маалы менен текшерилүүнү, врач жазып берген дарыларды узак убакыт, зарыл учурда туруктуу кабыл алып турууну, медикаментоздук эмес дарылануу жана сергек жашоо боюнча врачтын көрсөтмөлөрүн так аткарууну сунуш кылабыз. Сакаюу врач менен бейтаптын биргелешкен аракетине жараша болот.

Эгер көкүрөктө ооруксунуу пайда болуп, стенокардия кармаса өзүңүзгө төмөндөгүдөй жардам берсеңиз болот:

1. Тынчтанып, бош карманыңыз.

2. Буттарыңызды жайып олтуруңуз (жүрөктүн иштеши оңолот).

3. 1 таблетка нитроглицеринди тилиңиздин алдына салыңыз (5 минутадан кийин кайталаңыз).

4. Кан басым көтөрүлгөндө 12,5-25 мг капотенден 1 таблетка ичиңиз.

5. Тез жардам чакырыңыз.

Эң жакшысы – эч убакта оорубаңыз!

Ал өзүңүздүн колуңузда.