XIII кылым
XIII (он үчүнчү) кылым — 1201-жылдын 1-январынан 1300-жылдын 31-декабрына чейин созулган II миң жылдыктын үчүнчү кылымы.

Чыңгыз хан Монгол империясын негиздеген, империянын аймагы Чыгыш Азиядан Чыгыш Европага чейин созулган. Кулагу хан жүргүзгөн жортуулдар жана башка монгол басып алуулары мусулман дүйнөсүнүн өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизген, алардын ичинен эң белгилүүлөрү — Багдаддын курчоосу (1258) жана «Даанышмандык үйүнүн» кыйратылышы.
Мали империясы жана Делинин султанаты сыяктуу башка мусулмандардын державалары Батыш Африканын жана Индия субконтинентинин кеңири аймактарын багындырган. Мухаммад бин Бахтияр Хилжинин жортуулдарынын натыйжасында будизмдин таралуу темпи төмөндөөгө учураган. Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң алгачкы ислам мамлекеттери ушул кылымда пайда болуп, ислам мамлекеттеринин ичинен эң белгилүүсү — Самудера Пасай мамлекети[1].
Бул мезгилде Индокытай жарым аралынын аймагында Сукхотаи жана Хантавади падышалыктары түзүлүп, айланасындагы аймактарга басып алууга жана аларга үстөмдүк кылууга жетишкен[2].
Европада Жогорку Орто кылымдардын эң жогорку жетишкен мезгили башталып, укуктук, маданий жана диний өзгөрүүлөрдүн, ошондой эле экономикалык жандануунун ылдам өсүшү менен мүнөздөлгөн. Төртүнчү крест жортуулунан кийинки жортуулдар Ыйык Жердеги кайрадан христиандаштыруу процессин ийгиликтүү ашыралбаса да, Европадагы мусулмандардын таасирин азайтуу аракеттерин күчөтүп, христиан дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого өбөлгө болгон. Европанын түндүгүндөгү Тевтон ордени Пруссияны, Эстонияны жана Ливонияны христиандаштырып, бул аймактарда христиан дининин үстөмдүгүн орноткон.
Ислам дүйнөсүндө миң жылдан ашык убакыттан бери сакталып келген классикалык чыгармалардын латын тилине жаңы котормолоруна кызыккан Фома Аквинский жаңы университеттердин окуу пландарында үстөмдүк кылган схоластиканы өнүктүргөн[3]. Англияда падыша Жон Улуу Хартияга кол коюп, Англияда парламенттик кеңеш берүү менен чечим кабыл алуу салтын баштаган. Бул Европанын сот практикасында мыйзам алдындагы теңдик принцибинин өнүгүшүнө жардам берген[4].
Түштүк Сун династиясы кылымдын башында өнүккөн падышалыктардын бири болгон, бирок Юань династиясы тарабынан басып алынып, Юань династиясынын курамына кошулган. Жапонияда Камакура сегунаты 1274 жана 1281-жылдардагы моңголдордун эки жолку баскын аракетине ийгиликтүү туруштук берип, аймагын коргооп калган. Корей жарым аралындагы Корё мамлекети да моңгол баскынчылыгына каршылык көрсөткөн, бирок кийин Юань династиясынын вассалына айланган[5].
Түндүк Америкада айрым калктын саны боюнча маалымат булкатарына ылайык, Кахокиянын калкынын саны XIII кылымдагы Лондондун калкына санындай эле болгон[6]. Перуда Куско падышалыгы кеч ортоңку мезгилдин бир бөлүгү катары калыптанган. Майя цивилизациясында XIII кылым постклассикалык мезгилдин башталышы болгон. Азыркы Чад аймагындагы Канем падышалыгы бул кылымда эң күчтүү мезгилине жеткен. Эфиопияда Соломон династиясы, ал эми азыркы Зимбабвенин аймагында Зимбабве падышалыгы негизделген.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Republika. Samudra Pasai worthy to be world historical site
- ↑ Coedes G. The Indianized States of Southeast Asia
- ↑ New Advent. St. Thomas Aquinas
- ↑ Open Textbook Library. Western Civilization: A Concise History
- ↑ Kenneth B. Lee. Korea and East Asia: The Story of a Phoenix
- ↑ Demographia. Greater London, Inner London & Outer London Population & Density History
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Historical Encyclopedia
- The History Files
- Хронос. Интернеттеги дүйнөлүк тарых
- World History Encyclopedia
- History Skills
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |