XIX кылым
XIX (он тогузунчу) кылым — 1801-жылдын 1-январынан 1900-жылдын 31-декабрына чейин созулган II миң жылдыктын тогузунчу кылымы.



Бул мезгил ири коомдук өзгөрүүлөр менен мүнөздөлгөн. Европанын жана Американын көп бөлүгүндө кулчулук жоюлган. Биринчи өнөр жай революциясы XVIII кылымдын аягында башталганына карабастан, XIX кылымда Британиянын аймагынан тышкары өлкөлөргө жайылып, Нидерланд аймактарынын, Франциянын, Рейн өрөөнүнүн, Түндүк Италиянын жана АКШнын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн экономикасы менен коомун кескин өзгөрткөн. Экинчи өнөр жай революциясы шаарлашуунун кескин өсүшүнө, өндүрүмдүүлүктүн, кирешенин жана жашоонун ыңгайлуулугунун өсүүшүнө алып келген. Бул тенденция XX кылымда да уланууда. Католик чиркөөнү модернизм, секуляризм жана материализмдин таасиринин өсүшү тынчсыздандыргандыктан, XIX кылымдын аягында ушул маселелерди кароо жана айрым догмаларды расмий бекитүү үчүн Биринчи Ватикан жыйынын чакырган. Америкадан жана Европадан Азияга, Африкага жана Жакынкы Чыгышка көптөгөн миссионерлер жиберилип турган.
Жакынкы Чыгышта бул мезгил өзгөрүүлөрдүн жана реформалардын доору болду. Чакынкы Чыгыштагы ок-дары империялары деп аталган ислам үч мамлекетинин абалы начарлаган. Европанын империализ саясатына байланыштуу Түштүк Азиянын, Түштүк-Чыгыш Азиянын жана Африканын дээрлик бүтүндөй бөлүгү колониялдык бийликтин көзөмөлү алдында калган. Кылымдар бою калыптанган ислам мыйзамдарын жана коомдук түзүлүшүн сактап калууга умтулган топтор империализм саясатына каршы турушкан[1]. Ошондой эле бул кылымда Испания, Португалия, Франциян жана Могол империялары кыйраган, алардын ордун Британиянын, Франциянын, Германиянын, Орусиянын, Австро-Венгриянын, Италиянын, Жапониянын жана АКШнын таасирлүү империализм саясаты ээлеген.
Наполеон согуштарында Франциянын жеңилиши анын дүйнөдөгү үстөмдүк кылган мамлекет бири деген макамын жоготушуна алып келген. Дүйнөдөгү үстөмдүк кылган мамлекет катары Британия эсептеле баштаган. XIX кылымда Британия менен Орусиянын аймактары кыйла кеңейип, Орусия Кавказга жана Борбордук Азияга өз билигин орноткон. Осмон империясы Танзимат деп аталган батышташуу жана реформалар мезгилин баштан кечирип, Жакынкы Чыгыштагы негизги аймактардагы көзөмөлүн күчөткөн. Реформаларга карбастан Осмон империясынын бийлиги жана экономикасы начарлап, «Европанын оорулуу кишиси» деп аталып, Балкандагы жана Түндүк Африкадагы аймактарын жоготкон.
Индия жарым аралындагы Мархта жана Сикх сыяктуу калган ири мамлекеттер да күчүн жоготуп, жыйынтыгында толугу менен жок болушкан. Британиянын Ост-Индия компаниясынын бийлигине нааразылык 1857-жылдагы Индия көтөрүлүшүнө жана компаниянын жоюлушуна алып келген. Индиядагы бийлик кийин түздөн-түз Британия башкарган Британия Индиясы берилген. XIX кылымдын биринчи жарымында Британиянын деңиздин ары жагындагы аймактары тездик менен кеңейип, Британия Канаданын, Австралиянын, Индиянын жана XIX кылымдын акыркы жыйырма жылында Африкада ири аймактар басып алган. Кылым аягында Британия дүйнөгү аймактардын бештен бирин, дүйнө калкынын төрттөн бирин көзөмөлдөгө империяга айланган.
XVII–XVIII кылымдарда Франциянын Түндүк Америкадагы (азыркы АКШ жана Канада), Француз Индиясы, Кариб деңизиндеги көптөгөн аймактары Британиянын бийлиген өтүп кеткен. Франция болсо Наполеон согуштарынан кийин өзүнүн колониялык абалын калыбына келтирүүгө аракет кылган. XIX кылымда Франциянын колониялык абалын калыбына келтирүү 1830-жылы Алжирди басып алуу менен башталып, Африкада таасирин кеңейген. Кылымдын экинчи жарымында Франция колонияларынын санын кыйла көбөйтүп, Түштүк-Чыгыш Азияда Француз Индокытайын, Океанияда Француз Полинезиясын, Жаңы Каледонияны жана Жаңы Гебриддерди негиздер, Африканын 40% аймагында үстөмдүк кылуу жетишкен. Кылым аягында француз колониялык империясы дүйнөдөгү экинчи эң ири империя болуп, 13,5 млн км² жерди камтып, дүйнө аймагынын ондон бирин түзгөн.
Кылым аягында Британия менен Франция Түштүк Азиянын, Түштүк-Чыгыш Азиянын, Африканын жана Океаниянын 80% басып алышкан. Чыгыш Азияда Цин династиясы башкарган Кытай чет мамлекеттер тарабынан, тарыхта «жүз жылдык кемсинтүү» деп аталган доорду баштан кечирип, Кытайдын аймагын Британия менен Франция бөлүп алган. Кытайдагы бул абал XX кылымдын алгачкы жарымына чейин созулган.
XIX кылымда туулуп, XX кылымда көзү тирүү калган эркек — Дзироэмон Кимура (1897–2013)[2], акыркы аял — Наби Тадзима (1900–2018)[3] жапон улутунан болушкан. 1800-жылдары туулган акыркы көзү тирүү адам — италиялык Эмма Морано (1899–2017) болгон[4].
Жалпы маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]



XIX кылымда алгачкы электроника компоненттери пайда болуп, 1835-жылы электр релеси ойлоп табылган, 1837-жылы телеграф жана Морзе коду иштелип чыккан, 1876-жылы алгачкы телефон линияс тартылган[5], 1878-жылы биринчи электр чырагы жасалган[6].
XIX кылымда илимий ачылыштар менен ойлоп табуулардын саны тездик менен өскөн. Математика, физика, химия, биология, электротехника жана металлургияда маанилүү жаңылыктар пайда болуп, алар XX кылымдагы технологиялык секирикке негиз болгон[7]. Өнөр жай революциясы алгач Улуу Британияда башталып, андан соң континенталдык Европа, Түндүк Америка жана Жапонияга чейин жайылган[8].[5] Виктория доору фабрикаларда жана кендерде жаш балдардын эмгегин кеңири колдонуу, ошондой эле катуу моралдык жана жыныстык талаптары менен белгилүү болгон[9]. Мэйдзи калыбына келтирилишинен кийин Жапония тездик менен модернизацияланган жана Цин династиясы башкарган Кытайды Биринчи Кытай-Жапон согушунда жеңген.
Медицинада, адам анатомиясы жана оорулардын алдын алуу тармактарында чоң прогресс болуп, бул Батыш дүйнөсүндөгү калктын санынын тездик менен өсүшүнө себепкер болгон. Европанын калкы XIX кылым ичинде болжол менен 200 миллиондон 400 миллионго чейин көбөйгөн[10].Темир жолдун пайда болушу бир нече кылым ичиндеги эң чоң транспорттук жаңылык болуп, адамдардын жашоосун жана товар ташуунун ыкмаларын түп-тамыры менен өзгөртүп, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө шаарлашууну күчөткөн. Ушул кылымда көптөгөн шаарлардын калкы бир миллиондон ашкан. Лондон дүйнөдөгү эң чоң шаарга жана Британ империясынын борборуна айланып, калкы 1800-жылдагы 1 миллиондон XIX кылымдын аягында 6,7 миллионго жеткен. Бул кылымда Жердеги буга чейин толук изилденбеген аймактар — Африканын жана Азиянын ички бөлүктөрү да кеңири изилденип, 1890-жылдардае Арктика менен Антарктиканын так карталары түзүлгөн.
Дүйнөнүн көп бөлүгүндө кулчулук жоюлган. Гаити аймагындагы ийгиликтүү кулдардын көтөрүлүшүнөн кийин Британия менен Франция бербер каракчыларын жок кылууга аракеттенишип, жергиликтүү калкты кул катары Европага жана башка аймактарга алып кетүү практикасына чекит коюууга жетишишкен. 1833-жылдагы Британиянын кулчулукту жоюу актысы Британ деңиз флотуна дүйнөлүк кул соодасын токтотуу милдетин жүктөгөн[11]. XIX кылымда кулчулукту биринчи жойгон колониялык империя — Британия (1834). АКШда Жарандык согуштан кийин, 1865-жылы кабыл алынган Конституциянын он үчүнчү түзөтүүсү кулчулукту толугу менен жойгон, Бразилияда кулчулук 1888-жылы жоюлган. Орусияда крепостной укук 1861-жылы жоюлган.
XIX кылымда жаңы конуштарды негиздөө өтө кеңири тарап, айрыкча Түндүк Америка жана Австралияда ири масштабдагы отурукташкан жайларды негиздөө жүргөн. Бул экии континенттин эң ири шаарларынын бир топ бөлүгү дал ушул кылымда негизделген. Мисалы, АКШдагы Чикаго жана Австралиядагы Мельбурн шаарлары кылымдын башында дээрлик жок болгондуга карабастан, кылым аягында АКШдагы жана Британ империясындагы эң ири шаарларга айланган. XIX кылымда Европадан болжол менен 70 миллион адам көчүп чыгып, алардын басымдуу бөлүгү АКШга барыш отурукташкан[12].
XIX кылымда көптөгөн спорт түрлөрү тез өнүгүп, эрежелери такталып, уюшулган формага келтирилген.
XIX кылым Балкан жарым аралы Осмон бийлигинен боштондук алышы менен да белгилүү болуп, Осмон империясынын абалынын начарларшынын жана экинчи орус-турк согушунун жыйынтыгын негизинде Сербия, Болгария, Черногория жана Румыния мамлекеттери түзүлгөн.













Негизги окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1801–1850
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1801 — Улуу Британия падышалыгы менен Ирландия падышалыгы биригип, Улуу Британия жана Ирландия бириккен падышалыгы түзүгөн.
- 1801 — Томас Жефферсон АКШнын үчүнчү президенти болуп, кызматка киришип жатып ант берген.
- 1802 — Ваххабилер Кербала шаарына кол салып жана талкалашкан.
- 1803 — Уильям Саймингтон «биринчи пароход» деп эсептелген Шарлотта Дандас кемесин жасаган.
- 1803 — Ваххабилер Мекке менен Медина шаарларын ээлеп алышкан.
- 1804 — Франц I Австрия империясын негиздеген.
- 1804 — Дүйнө калкы 1 миллиард адамга жеткен.
- 1805 — Трафальгар салгылашуусу. Британиянын флоту Франция жана Испаниянын флотторун талкалаган. Британиянын деңиздеги үстөмдүгү кийинчерээк империянын кеңейишине жол ачкан.
- 1805–1848 — Мухаммед Али паша Мисирде реформаларды жүргүзгөн.
- 1810 — Берлин университети негизделген.
- 1814 — Элиша Колльер оттук таш аркылуу от берүүчү револьверди ойлоп тапкан.
- 1814-жыл, 1-февраль — Майон жанар тоосу атылган.
- 1815 — Тамбора жанар тоосунун атылышы 71 миңден ашык адамдын өлүмүнө жана глобалдык «жанар тоолук кышына» алып келген.
- 1816 — «Жайсыз жыл» — Түндүк жарым шарда суук аба ырайы үстөмдүк кылып, айрым аймактарда жылы бою кар жааган.
- 1816–1828 — Шака башкарган Зулу падышалыгы Түштүк Африкадагы эң ири мамлекетке айланган.
- 1819 — Симон Боливардын ийгилигинен кийин Колумбия Республикасы (Улуу Колумбия) көз карандысыздыкка жеткен.
- 1819 — Британиянын Ост-Индия компаниясы азыркы Сингапур шаарын негиздеген.
- 1820 — Антарктида ачылган.
- 1820 — АКШдагы эркиндик алган кулдар үчүн Либерия мамлекети негизделген.
- 1820 — Маратха империясы кулаган.
- 1821–1823 — Мексиканын биринчи империясы негизделген. Императору Агустин I.
- 1822 — Педру I Бразилиянын Португалиянын курамынан бөлүнүп чыгышын жарыялаган.
- 1823 — АКШ президенти Жеймс Монро Монро доктринасын жарыялаган.
- 1825 — Декабристтер көтөрүлүшү.
- 1829 — Роберт Пил Лондондогу биринчи полиция кызматы — Метрополитен полициясын түптөгөн.
- 1830 — Улуу Британия менен Орусиянын Ооганстан үчүн, тарыхта «Улуу оюн» деп аталган атаандашуусу башталган жана бул атаандашуу 1895-жылы аяктаган.
- 1831 — Польшадагы Ноябрь көтөрүлүшүнүн жеңилиши.
- 1832 — Улуу Британияда 1832-жылкы Чоң реформалар актысы кабыл алынган.
- 1834–1859 — Орус баскынчылыгына каршы Кавказда Имам Шамилдин каршылыгы.
- 1835–1836 — Техас революциясы, анын натыйжасында Техас Республикасы түзүлгөн.
- 1836 — Самуэль Кольт алгачкы көп октуу револьверин массалык өндүрүүнү баштаган.
- 1837–1838 — Канададагы көтөрүлүштөр.
- 1838 — Индейлерди мажбурлап көчүрүүнүн натыйжасында 46 миңдей адам жеринен ажыратылган. Тарыхта бул окуя Көз жаш жолу деген аталыш менен белгилүү.
- 1839–1860 — Биринчи жана Экинчи апийим согуштарынан кийин кээ бир мамлекеттер Кытайдан соода жана башка жеңилдиктерди алышкан.
- 1839–1919 — Англия-Ооганстан согуштарынын соңунда Дюранд сызыгы белгиленген.
- 1842 — Нанкин келишиминин негизинде Гонконгду Британияга өткөрүп берилген.
- 1844 — Рочдейл пионерлери дүйнөдөгү алгачкы кооперативди түзүшкөн.
- 1845–1849 — Ирландиядагы Улуу ачарчылык жана массалык миграция.
- 1848 — «Коммунисттик манифест» жарыяланган.
- 1848 — Сенека-Фоллс конференциясы — АКШдагы алгачкы аялдар укуктарынын жыйыны.
- 1848–1855 — Калифорниядагы алтын дүрбөлөңү.
- 1849 — Тарыхтагы алгачкы абадан чабуул. Австрия Венецияга бомба ташыган аба шарларын колдонгон.
- 1850 — Кичи муз доору болжол менен ушул маалда аяктаган.
- 1850 — Герман Шульце-Делич алгачкы насыялык кооперативди түзгөн.
1851–1900
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1851 — Лондондогу Улуу көргөзмө (дүйнөдөгү алгачкы эл аралык көргөзмө).
- 1857 — Жозеф Уитворт алгачкы алыстан атчу көзгө атар мылтыкты долбоорлогон.
- 1857–1858 — Индия көтөрүлүшү. Британия Индияны Ост-Индия компаниясынан өз көзөмөлүнө өткөрүп алган.
- 1858 — Биг-Бендин курулушу аяктаган.
- 1859–1869 — Суэц каналынын курулушу башталган.
- 1860 — Жузеппе Гарибальдинин «Миңдик кошууну» Италиянын биригишине түрткү берген.
- 1861 — Орусияда крепосттук укук жоюлган.
- 1862–1877 — Түндүк-Батыш Кытайдагы мусулмандар көтөрүлүшү.
- 1863 — Эл аралык Кызыл Крест түзүлөт. 1864-жылы биринчи Женева конвенциясы кабыл алынган.
- 1865–1877 — АКШда реконструкция доору жана кулчулук толук жоюлган.
- 1867 — Канада Конфедерациясы түзүлгөн.
- 1868 — Англиядагы акыркы коом алдында дарга асуу жазасы аткарылган (Майкл Барретт жазага тартылган).
- 1869 — Суэц каналы ачылган.
- 1870 — Нидерланддык Ост-Индияда маданий системанын токтотулушу жана либералдык саясаттын башталышы.
- 1870–1890 — Батыш Европада жана Түндүк Америкада Узак депрессия.
- 1871–1872 — Персиядагы ачарчылык (2 миллионго жакын адам каза болгон).
- 1871 — Париж Коммунасы кыска убакыт бийликке келген.
- 1872 — Дүйнөдөгү биринчи улуттук парк Йеллоустоун улуттук паркы негизделген.
- 1874 — Импрессионисттердин биринчи көргөзмөсү.
- 1874 — Ирландияда Хоум-Рул кыймылы түзүлгөн.
- 1875 — Челленжер экспедициясы океандын эң терең жери болгон Челленжер чуңкурун изилдеен.
- 1876 — Литтл-Бигхорндогу салгылаш — индейлердин ири жеңиши.
- 1876–1914 — АКШнын калкы, байлыгы жана өнөр жайы кескин өсүп, бул мезгил «алтынданган кылым» деп аталат.
- 1877 — АКШдагы Улуу темир жол иш таштоосу — дүйнөдөгү биринчи улуттук деңгээлдеги иш таштоолордун бири.
- 1881 — Орус империясында талоон толкуну башталган.
- 1881–1882 — Францияда акысыз, светтик билим берүү мыйзамдары кабыл алынган.
- 1883 — Кракатау жанар тоосунун ири атылышы.
- 1883 — Квагга жаныбары толук жок болгон.
- 1886 — Эркиндик статуясы курулган. Кока-Кола иштелип чыккан.
- 1888 — Бразилияда кулчулук расмий жоюлган («Алтын мыйзам»).
- 1889 — Эйфел мунарасынын ачылышы.
- 1889 — Бразилияда республикалык төңкөрүш — Биринчи республика түзүлгөн.
- 1889–1890 — Сасык тумоонун ири пандемиясынын артынан 1 млн адам каза болгон.
- 1890 — Электр отургучу аркылуу өлүм жазасына тартуу ыкмасы биринчи жолу колдонулган[14].
- 1892 — Чикагодогу Колумб көргөзмөсү — Американынын ачылганына 400 жыл.
- 1892 — Криминалистикада манжа издери расмий түрдө колдонула баштаган.
- 1893 — Жаңы Зеландия — аялдарга добуш берүү укугун берген биринчи өлкө.
- 1893 — Бельгияда француз жана нидерланд тилдеринин укуктук теңдиги бекитилет.
- 1894 — Нидерланддардын Ломбок жана Карангасемге басып кириши. Нагаракертагама жазууларынын табылышы.
- 1896 — Филиппин революциясы аяктап, Испаниядан көз карандысыздык жарыяланат.
- 1898 — Испания–Америка согушунан кийин АКШ Куба, Пуэрто-Рико жана Филиппинди өз көзөмөлөнө алат.
- 1898 — Кытайда Цыси императорм айым төңкөрүш уюштуруп, «Жүз күндүн реформасын» токтотот.
- 1900–1901 — Сегиз мамлекет альянсы Кытайга басып кирип, Тыюу салынган шаарды талкалашат[15].
Согуштар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Наполеон согуштары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Наполеон согуштары — 1803-жылдан 1815-жылга чейин созулган ири аскердик кагылышуулардын жыйындысы, Наполеон I жетектеген Франция империясы жана анын союздаштары Улуу Британия каржылап, көп учурда саясий жактан Британиядан көз каранды болгон ар кандай европалык коалициялардын күчтөрүнө каршы согушкан. Бул согуштардын негизги себептери катары Француз революциясынан кийин чечилбей калган маселелер, саясий суроолор эсептелет.
Француз революциясынан кийин Наполеон Бонапарт 1799-жылы Францияда бийликке келген. 1804-жылы ал өзүн француздардын императору деп жарыялаган.
1805-жылы Аустерлиц салгылашында француз аскерлери австриялык жана орусиялык бириккен армияны жеңип, Үчүнчү коалициялык согушка чекит койгон. Прессбург келишиминин жыйынтыгында Ыйык Рим империясы жоюлган.
Пиреней согушунда Франция Жозеф Бонапартты Испаниянын падышасы катары бекитүүгө аракет кылган, бирок мындай саясий чечимин ишке ашыра алган эмес. 1812-жылы Франциянын Орусияга жасаган жортуулу өтө чоң жоготуулар менен аяктаган.
1814-жылы Алтынчы коалициялык согушунда жеңилгенден кийин Наполеон тактан баш тартып, Эльба аралына сүргүнгө айдалган. Ошол эле жылы ал сүргүндөн качып чыгып, тарыхта «Жүз күн» деп аталган мезгил башталган. Наполеон Бонапарт Эльба аралындагы сүргүндөн Парижке качкан жана 1815-жылы 20-мартта Парижге кирип, кайрадан Франциянын башчысы кызматын ээлегенге жетишкен. Наполеон Бонапарт Ватерлоо салгылашында кайрадан жеңилип, Түштүк Атлантикадагы Ыйык Елена аралына сүргүнгө айдалган. Наполеондун жеңилүүсүнөн кийин жаңы улуттук чек араларды аныктоо үчүн Вена конгресси өткөрүлгөн.
Америкадагы испан колонияларынын көз карандысыздык үчүн согуштары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]XIX кылымда Мексика жана Борбордук Америка менен Түштүк Американын көпчүлүк өлкөлөрү колониялык үстөмдүк кылган мамлекеттерден көз карандысыздыкка жетишкен. 1804-жылы Гаити Франциядан көз карандысыз болгон. Мексикада көз карандысыздык үчүн согуш он жылга созулуп, 1821-жылы Мексиканын эгемендүүлүгү менен аяктаган.
Наполеондук согуштардын натыйжасында Португалиянын падышалык үй-бүлөсү 1808–1821-жылдары Бразилияга көчүп барган, бул Бразилиянын Португалиядан башка жана өзүнчө монархия макамына ээ болушуна алып келген.
Борбордук Американын Федеративдик Республикасы 1821-жылы Испаниядан, ал эми 1823-жылы Мексикадан көз карандысыздык алган. Бир катар көтөрүлүштөрдөн кийин 1841-жылга карата федерация ыдырап, анын ордунда Гватемала, Сальвадор, Гондурас, Никарагуа жана Коста-Рика өз алдынча мамлекеттер катары түзүлүшкөн[16].
1830-жылы Улуу Колумбия мамлекети таркап, анын ордуна Колумбия (азыркы Панаманы кошо), Эквадор жана Венесуэла мамлекеттери пайда болгон.
1848—1849-жылдардагы революциялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1848-жылкы революциялар — 1848-жылы Европанын көпчүлүк аймактарын камтыган саясий толкундоолордун жыйындысы. Бул революциялар негизинен демократиялык жана либералдык мүнөздө болуп, эски монархиялык түзүлүштөрдү жоюп, көз карандысыз улуттук мамлекеттерди түзүүнү максат кылган.
Алгачкы революция январь айында Сицилияда башталган. Андан кийин февраль айында Францияда өзүнчө революция тутанып, толкундоолор бүт Европага жайылган. Жалпысынан 50дөн ашуун өлкөдө башаламандыктар болгон, бирок революциячыл кыймылдардын ортосунда координация же өз ара кызматташтык дээрлик болгон эмес.
Эванс жана фон Штрандманндын (2000) айтымында, негизги себептерге саясий жетекчиликке болгон кеңири нааразылык, башкарууга көбүрөөк катышуу жана демократия талаптары, басма сөз эркиндигине умтулуу, жумушчу катмардын талаптары, улутчулдуктун күч алышы кирген.
Аболиционизм жана АКШдагы жарандык согуш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кулчулукту жоюу кыймылы XIX кылымда олуттуу ийгиликтерге жеткен. Атлантика аркылуу кул соодасына 1808-жылы АКШда тыюу салынган, ал эми кылымдын аягына чейин дээрлик бардык мамлекеттер кулчулукту мыйзамдуу түрдө жокко чыгарган. 1833-жылдагы Кулчулукту жоюу жөнүндө акт Британ империясынын аймагында кулчулукту токтотсо, 1888-жылы Бразилияда Lei Áurea мыйзамы менен кулчулук жоюлган.
АКШда аболиционизм кыймылы Американын жарандык согушунун аягына чейин уланган. Фредерик Дугласс менен Гарриет Табмен кулчулукка каршы күрөштө көрүнүктүү роль ойногон америкалык аболиционисттердин экөөсү болгон. Дугласс таасирдүү чечен жана курч калемдүү жазуучу болсо, Табмен кулчулукка каршы активисттердин тармагы жана «Жашыруун темир жол» деп аталган коопсуз үйлөр системасы аркылуу кулдарды качырууга жардам берген.
АКШнын жарандык согушу 1861–1865-жылдары болгон. Он бир түштүк штат кулчулук маселесине байланыштуу негизги себептерден улам Америка Кошмо Штаттарынан бөлүнүп чыккан. 1863-жылы президент Авраам Линкольн Эркиндик жарыялоо декларациясын чыгарган. Ал 1862-жылдын 22-сентябрында алдын ала билдирүү жасап, 1863-жылдын 1-январына карата көтөрүлүш абалында турган штаттардагы (Конфедерациядагы) кулдарды «ушундан тартып жана түбөлүккө эркин» деп жарыялай турганын эскерткен. Бул убада иш жүзүндө аткарылган.
1865-жылы ратификацияланган АКШ Конституциясынын Он үчүнчү өзгөртүүсү өлкө боюнча кулчулукту расмий түрдө толугу менен жойгон.
Виржиния штатындагы Аппоматтокс сот имаратында Роберт Э. Ли багынып бергенден беш күн өткөн соң, президент Линкольн Конфедерацияны колдогон актер Жон Уилкс Бут тарабынан өлтүрүлгөн.
Осмон империясынын кулашы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1817-жылы Сербия княздыгы Осмон империясынын вассалдык көзөмөлүнөн чыгып, 1867-жылы Осмондордон көз карандысыздыгын аныктаган конституция кабыл алган.
1830-жылы Грекия Грекиянын көз карандысыздык согушунан кийин Осмон империясынан бөлүнүп чыккан алгачкы мамлекет болгон.
1831-жылы Осмон бийлигине каршы Босния көтөрүлүшү чыккан.
1831-жылы Биринчи Мисир–Осмон согушу (1831–1833) башталган. Бул согуш Мисирдин башкаруучусу Мухаммад Али пашанын Грекиядагы согушта султанга көрсөткөн жардам үчүн Улуу Сирияны башкаруу талабынан улам чыккан. Натыйжада Мисир аскерлери убактылуу Сирияны көзөмөлгө алып, түндүктө Кютахьяга чейин жеткен.
1876-жылы болгарлар Осмон бийлигине каршы Апрель көтөрүлүшүн башташкан. Орус–Түрк согушунан кийин кабыл алынган Берлин келишими Сербиянын, Черногориянын жана Румыниянын толук көз карандысыздыгын таанып, Болгария автономиялуу аймакка айланган.
Кытайдагы Тайпин көтөрүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Тайпиндер көтөрүлүшү XIX кылымдагы эң кандуу кагылышуулардын бири болуп, болжол менен 20–30 миллион адамдын өмүрүн алган. Анын лидери Хун Сюцюань өзүн Иса пайгамбардын иниси деп жарыялап, Кудайга сыйынуучулар коому деп аталган жаңы кытай диний агымын түзгөн.
1851-жылы Тайпин Асман Падышачылыгынын түзүлгөнүн жарыялагандан кийин тайпиндер Кытайдын чоң бөлүгүн басып алып, 1853-жылы Нанкин шаарын ээлешкен.
1864-жылы Хун Сюцюань өлгөндөн кийин Цин династиясынын аскерлери Нанкинди кайра басып алып, көтөрүлүштү басышкан.
Жапониядагы Мэйдзи реставрациясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эдо доорунда Жапония негизинен өзүн обочолонткон тышкы саясат жүргүзгөн. 1853-жылы АКШнын деңиз флотунун командири Мэтью Перри согуш кемелери менен Эдо шаарын курчап, сооданы ачуу талабын койгон. Мунун натыйжасында Жапония менен чет мамлекеттердин ортосунда соода алакалары башталып, сакоку (обочолонуу) саясаты 1854-жылы расмий түрдө жоюлган.
1872-жылга карата император Мэйдзи башындагы өкмөт даймёлор системасын жоюп, күчтүү борбордук бийлик түзгөн. Андан кийинки реформаларга самурайлар катмарын жоюу, тез индустриялашуу жана башкаруу системасын европалык үлгүлөргө ылайык жаңылоо кирген.
Колониализм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1803 — АКШ Франциядан Луизиананы сатып алып, аймагы эки эсеге жакын кеңейген. Бул өлкөнүн Тынч океанга чейин батышты көздөй жайылышын башталыш процесси болгон жана процесс «айкын тагдыр» деп аталып, Мексикадан, Британиядан жана жергиликтүү америкалык элдерден жерлерди тартып алууну камтыган.
- 1817–1819 — Үчүнчү англия-маратха согушунан кийин Британ империясы Маратха конфедерациясын өзүнүн курамына кошкон.
- 1823–1887 — Үч англия-бирма согушунан кийин Британ империясы Бирманы (азыркы Мьянма) аннексиялаган.
- 1848–1849 — Экинчи англия-сикх согушунда Сикх империясы жеңилип, Индия субконтиненти толугу менен британ бийлигине өткөн.
- 1862 — Франция Түштүк-Чыгыш Азияда алгачкы таяныч пунктуна ээ болуп, 1863-жылы Камбожаны аннексиялаган.
- 1867 — АКШ Алясканы Орусиядан сатып алган.
Африка
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Африкада европалык изилдөөлөр жана технологиялык артыкчылыктар 1898-жылга карата дээрлик бүт континенттин колониялашуусуна алып келген. Хинин сыяктуу жаңы дары-дармектер жана заманбап ок атуучу куралдар европалык мамлекеттерге жергиликтүү элдерди багындырууга мүмкүнчүлүк берген.
Африка үчүн күрөштүн негизги себептерине улуттук престиж, чийки затка муктаждык жана христиан миссионердик ишмердиги кирген. Британия Суэц каналын көзөмөлдөө үчүн Мисирди басып алган, бирок Эфиопия Адуа салгылашында Италияны жеңип, көз карандысыздыгын сактап калган. Франция, Бельгия, Португалия жана Германия да ири колонияларга ээ болушкан.
1884–1885-жылдары өткөн Берлин конференциясы Африкадагы колониялык чек аралар боюнча макулдашууга аракет кылган, бирок европалык мамлекеттердин ортосунда да, жергиликтүү элдердин каршылыгында да чыр-чатактар улана берген.
1867-жылы Түштүк Африканын Кимберли аймагында алмаз табылып, 1886-жылы Трансваалда алтын кендери ачылган. Бул окуялар Сесил Родстун жетекчилиги астында британ өкмөтү жана ишкер чөйрөлөр тарабынан Түштүк Африканын активдүү колониялашуусуна түрткү берген.
Башка согуштар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1801–1815 — АКШ менен Түндүк Африкадагы Бербер мамлекеттеринин ортосундагы Биринчи жана Экинчи Бербер согуштары.
- 1802 — Тэйшон династиясынын аскерлери Хюэ шаарын кайра басып алып, Во Тань өз жанын кыйган.
- 1804–1810 — Нигериядагы Фулани жихады.
- 1804–1813 — Орус–Перс согушу.
- 1806–1812 — Орус–Осман согушу, Бухарест келишими менен аяктаган.
- 1807–1837 — Жаңы Зеландиянын көптөгөн аймактарында маорилер арасындагы Мускет согуштары.
- 1808–1809 — Фин согушунда Орусия Финляндияны Швециядан тартып алган.
- 1810 — «Долорес чакырыгы» Мексиканын көз карандысыздык согушун баштаган.
- 1811 — Типпеканоэ салгылашы — АКШ аскерлери саны жагынан үстөмдүк кылып, түпкүлүктүү америкалыктарды жеңип, алардын конушун өрттөшкөн.
- 1812–1815 — АКШ менен Британиянын ортосундагы 1812-жылкы согуш.
- 1813–1837 — Афган–Сикх согуштары.
- 1814–1816 — Непал (Гуркха империясы) менен Британ империясынын ортосундагы Англия–Непал согушу.
- 1817 — Флоридада Биринчи семинол согушу башталган.
- 1817 — Орусия Кавказды басып алуу саясатын баштаган.
- 1820 — Түштүк Европадагы 1820-жылкы революциялар.
- 1821–1830 — Осман империясына каршы Грекиянын көз карандысыздык согушу.
- 1825–1830 — Ява согушу башталган.
- 1826–1828 — Акыркы Орус–Перс согушунан кийин Персия мурда Орусияга берген аймактарынын бир бөлүгүн кайра алган.
- 1828–1832 — Тасманиядагы Кара согуш тасманиялык аборигендердин дээрлик толук жок болуп кетишине алып келген.
- 1830 — Июль революциясы Бурбондордун эски династиясын кулаткан.
- 1830 — Орусияга каршы Польшадагы Ноябрь көтөрүлүшү.
- 1830 — Бельгия революциясынын натыйжасында Бельгия Нидерланддан көз карандысыздыгын алган.
- 1830 — Ява согушунун аякташы.
- 1831 — Франция Алжирди басып алып, оккупациялаган.
- 1831–1833 — Мисир–Осман согушу.
- 1832–1875 — Бразилиядагы козголоңдор.
- 1835–1836 — Техас революциясы Техастын Мексикадан көз карандысыз болушуна алып келген.
- 1839–1842 — Биринчи Апийим согушу башталган.
- 1846–1848 — АКШ–Мексика согушу Мексиканын азыркы АКШнын түштүк-батыш аймактарынын көбүн берүүсү менен аяктаган.
- 1848 — Февраль революциясы Луи Филипптин бийлигин кулаткан. Экинчи Республика жарыяланып, Наполеон I жээни Луи Наполеон президент болуп шайланган.
- 1853–1856 — Франция, Улуу Британия, Осман империясы жана Орусия катышкан Крым согушу.
- 1856–1860 — Экинчи Апийим согушу.
- 1857 — Ост-Индия компаниясынын бийлигине каршы Индиядагы көтөрүлүш.
- 1859 — Франция–Австрия согушу.
- 1861–1865 — АКШдагы жарандык согуш.
- 1861–1867 — Мексикага француздардын кийлигишүүсү жана Максимилиан I башкарган Экинчи Мексика империясынын түзүлүшү.
- 1863–1865 — Орусия империясындагы Январь көтөрүлүшү.
- 1864–1870 — Парагвай согушу.
- 1866 — Австрия–Пруссия согушу Германия конфедерациясынын жоюлушуна, Түндүк Германия конфедерациясынын жана Австро–Венгрия кош монархиясынын түзүлүшүнө алып келген.
- 1868–1869 — Босин согушу сегунатты жоюп, Жапон империясынын негизделишине алып келген.
- 1868–1878 — Куба менен Испаниянын ортосундагы Он жылдык согуш.
- 1870–1871 — Франция–Пруссия согушу Германия менен Италиянын биригишине, Экинчи Француз империясынын кыйрашына алып келген.
- 1870 — Франция–Пруссия согушундагы ийгиликсиздиктен кийин Наполеон III тактан баш тарткан жана Үчүнчү Республика жарыяланган.
- 1876 — Осман империясына каршы Болгариядагы Апрель көтөрүлүшү.
- 1879 — Англия–Зулу согушу Британиянын жеңиши жана Зулу падышалыгынын аннексиясы менен аяктаган.
- 1879–1880 — Кубада Испанияга каршы согуш козголоңчулардын жеңилиши менен бүткөн.
- 1879–1883 — Тынч океан согушунда Чили Анд аймактары үчүн Перу жана Боливия менен согушкан.
- 1880–1881 — Биринчи бур согушу башталган.
- 1881–1899 — Судандагы махдисттердин козголоңу.
- 1882 — Англия–Мисир согушу, Мисирдин британдар тарабынан басып алынышы жана оккупациясы.
- 1883–1898 — Француз колониялык империясы менен Самори Туре жетектеген Мандинго элинин Васулу империясынын ортосундагы Мандинго согуштары.
- 1894–1895 — Биринчи Кытай–Жапон согушунан кийин Кытай Тайванды Жапонияга өткөрүп берген.
- 1895–1896 — Биринчи Италия–Эфиопия согушунда Эфиопия Адуа салгылашында Италияны жеңген.
- 1895–1898 — Кубанын көз карандысыздык согушу Испаниядан бөлүнүп чыгуу менен аяктаган.
- 1896–1898 — Филиппин революциясы филиппиндердин жеңиши менен жыйынтыкталган.
- 1898 — Испан–Америка согушу Кубанын көз карандысыз болушуна алып келген.
- 1899–1901 — Кытайдагы Ихэтуань көтөрүлүшү Сегиз мамлекеттин альянсы тарабынан басылган.
- 1899–1902 — Колумбиядагы Миң күндүк согуш либералдар менен консерваторлордун ортосунда жүрүп, 1903-жылы Панаманын көз карандысыздыгын жарыялашы менен аяктаган.
- 1899–1902 — Экинчи бур согушу башталган.
- 1899–1902 — Филиппин–Америка согушу башталган.
Илим жана технология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]XIX кылым илимдин өз алдынча кесип катары калыптаныш доору болгон. «Окумуштуу» деген термин 1833-жылы Уильям Уэвелл тарабынан сунушталып, буга чейин колдонулуп келген «жаратылыш философу» деген термин акырындап ушул терминге алмаштырылган. Бул кылымдагы эң таасирдүү идеялардын катарына Чарльз Дарвиндин эмгектери кирет. Дарвин 1859-жылы «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебин жарыялап, табигый тандоо аркылуу эволюция идеясынын негиздеген. Медицина менен биологияда оорулардын микробдук теориясын далилдөөгө багытталган иштер ийгиликтүү аракеттер менен коштолгон. Ушул кылымда Луи Пастер кутурмага каршы биринчи вакцинаны иштеп чыгып, химия тармагында да кристаллдардын асимметриясы сыяктуу бир катар маанилүү ачылыштарды жасаган.
Химия багытында Дмитрий Менделеев Жон Дальтондун атомдук теориясына таянып, элементтердин биринчи мезгилдик тутумун түзгөн.
Физика багытында Майкл Фарадей, Андре-Мари Ампер, Жеймс Клерк Максвелл жана алардын замандаштары жүргүзгөн эксперименттер, теориялар жана ачылыштар электромагнетизмдин илимдин өзүнчө тармагы катары калыптанышына алып келген. Термодинамика жылуулуктун табиятын түшүндүрүп, энергия түшүнүгү аныкталган. Ошондой эле атомдук түзүлүштүн жана заттын табияты ачылып, химия менен катар жаңы түрдөгү нурлануулар табылган.
Астрономия багытында Нептун планетасы ачылган.
Математика багытында комплекстүү сандардын түшүнүгү толук калыптанып, алардын аналитикалык теориясы өнүккөн, ошондой эле гиперкомплекстүү сандар колдонулуп баштаган. Карл Вейерштрасс жана башка окумуштуулар чыныгы жана комплекстүү өзгөрмөлөрдүн функциялары үчүн анализди арифметикалаштырууну ишке ашырышкан. Бул мезгилде Евклиддин классикалык геометриясынан тышкаркы жаңы геометриялык теориялар дээрлик эки миң жылдык тыныгуудан кийин өнүгө баштаган. Математикалык логика илими да узакка созулган токтоп туруудан кийин революциялык ачылыштарга жеткен.
XIX кылымдагы илимдеги эң маанилүү кадам электр багытындагы илиминин негиздөөчүлөрү тарабынан иштелип чыккан идеялар болгон. Бул тармактагы ачылыштар физиканы түп-тамырынан өзгөртүп, XIX кылымдын акыркы жыйырма жылында электр жарыгы менен энергиясынын кеңири жайылышына, ал эми 1890-жылдардын аягында радиотолкун аркылуу байланыштын пайда болушуна жол ачкан[17][18][19].
Дин
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1818 — 18-октябрда Гамбург шаарында реформалык иудаизмдин алгачкы туруктуу жамааты — Neuer Israelitischer Tempel негизделген. Ушул эле мезгилде Wissenschaft des Judentums агымынын өнүгүшү аркылуу консервативдүү иудаизмдин калыптанышына негиз түзүлгөн.
- 1830 — Акыркы күндөрдүн ыйыктарынын чиркөөсү (мормондор чиркөөсү) негизделген.
- 1844-жылы 23-майда — Баб өзүнүн аян алганын жарыялап, бабизмди негиздеген. Ал дүйнөгө «Кудай ачыкка чыгара турган Заттын» келерин билдирген.
- 1850–1890-жылдар — Ислам дүйнөсүндө салафизм агымынын таасири күчөгөн.
- 1851 — Кудайга сыйынуучулар коомунун жетекчиси Хун Сюцюань Тайпин Асмандык Падышачылыгын негиздеген.
- 1857 — Франциянын Париж шаарында Аллан Кардек «Рухтар китебин» жарыялап, спиритизм агымын негиздеген.
- 1868 — Жапонияда Мэйдзи кайра курулушунун алкагында мамлекеттик синтоизм калыптанган.
- 1869–1870 — Биринчи Ватикан собору чакырылып, папанын жаңылышпас авторитети жөнүндөгү догма бекитилет жана схоластикалык теологияны жандандыруу колдоого алынган.
- 1871–1878 — Германияда Отто фон Бисмарк Культуркампф («маданий күрөш») маалында католик чиркөөсүнө каршы саясат жүргүзгөн.
- 1875 — Елена Блаватская Теософиялык коомду негиздеп, теософия агымынын башкы идеологуна айланган.
- 1879 — Мэри Бейкер Эдди Машаяктын илимпоздор чиркөөсүн (Christian Science) негиздеген. Ошол эле жылы Иегованын күбөлөрү чыгара турган «Күзөт мунарасы» журналынын биринчи саны жарык көргөн.
- 1881 — Суданда Мухаммад Ахмад өзүн Махди деп жарыялап, Махдисттик мамлекетти негиздейт жана Мисирге каршы согуш жарыялаган.
- 1889 — Мирза Гулам Ахмад Ахмадия мусулман жамаатын негиздеген.
- 1891 — Рим папасы Лео XIII Rerum novarum аттуу энцикликасын чыгарып, заманбап католик социалдык окуусунун негизин салган алгачкы ири документти жарыялаган.
Маданият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- 1808 — Людвиг ван Бетховен Бешинчи симфониясын жазган.
- 1813 — Жейн Остин «Текебердик жана жек көрүү» романын жарыялаган.
- 1818 — Мэри Шелли «Франкенштейн, же Азыркы Прометей» чыгармасын жарыялаган.
- 1819 — Жон Китс өзүнүн эң белгилүү алты одасын жазган.
- 1819 — Теодор Жерико «Медузанын салмагы» аттуу шедеврин тартып, 1819-жылкы Париж салонунда (Луврда) көрсөткөн.
- 1824 — Бетховендин Тогузунчу симфониясынын алгачкы жолу аткарылган.
- 1829 — Иоганн Вольфганг фон Гётенин «Фауст» чыгармасынын премьерасы.
- 1833–1834 — Томас Карлайл Sartor Resartus чыгармасын жарыялаган.
- 1837 — Чарльз Диккенс «Оливер Твист» романын жарыялаган.
- 1841 — Ральф Уолдо Эмерсон «Өзүнө ишенүү» (Self-Reliance) эссесин жарыялаган.
- 1845 — Фредерик Дугласс «Фредерик Дугласстын өмүр баяны» аттуу чыгармасын жарыялаган.
- 1847 — Бронте эже-сиңдилери «Жейн Эйр», «Шамалдуу ашуу» жана «Агнес Грей» романдарын жарыялашат.
- 1848 — Карл Маркс менен Фридрих Энгельс «Коммунисттик манифестти» жарыялашкан.
- 1849 — Жосайя Хенсон «Жосайя Хенсондун өмүрү» аттуу автобиографиясын жарыялаган.
- 1851 — Герман Мелвилл «Моби Дик» романын жарыялаган.
- 1851 — Сожорнер Трут «Мен аял эмесминби?» деген атактуу сөзүн сүйлөгөн.
- 1852 — Гарриет Бичер Стоу «Том байкенин алачыгы» романын жарыялаган.
- 1855 — Уолт Уитмен «Чөп жалбырактары» жыйнагынын биринчи басылышын чыгарган.
- 1855 — Фредерик Дугласс «Менин кулчулугум жана эркиндигим» чыгармасынын биринчи басылышын жарыялаган.
- 1862 — Виктор Гюго «Кедейлер» (Les Misérables) романын жарыялаган.
- 1863 — Жюль Верн «Адаттан тыш саякаттар» сериясы «Беш жума аба шарында» романы менен башталган.
- 1865 — Льюис Кэрролл «Алиса кереметтер дүйнөсүндө» чыгармасын жарыялаган.
- 1869 — Лев Толстой «Согуш жана тынчтык» романын жарыялаган.
- 1875 — Жорж Бизенин «Кармен» операсынын Париждеги премьерасы өткөн.
- 1876 — Рихард Вагнердин «Нибелунг шакеги» цикли толугу менен алгач ирет аткарылган.
- 1883 — Роберт Луис Стивенсондун «Казына аралы» жарыяланган.
- 1884 — Марк Твен «Гекльберри Финдин жоруктары» романын жарыялаган.
- 1886 — Роберт Луис Стивенсондун «Доктор Жекилл менен мистер Хайддын таң калыштуу окуясы» жарыяланган.
- 1887 — Артур Конан Дойл Шерлок Холмс тууралуу алгачкы чыгармасын — «Кызыл из» повестин жарыялаган.
- 1889 — Винсент ван Гог «Жылдыздуу түн» картинасын тарткан.
- 1889 — Парижде Мулен Руж кабареси ачылган.
- 1892 — Пётр Чайковскийдин «Щелкунчик» сюитасы Санкт-Петербургда алгач ирет аткарылган.
- 1894 — Редьярд Киплингдин «Токой китеби» жарыяланган.
- 1895 — Оскар Уайлддын сот иши өтүп, анын «Өтө олуттуу болуунун мааниси» пьесасынын премьерасы болгон.
- 1897 — Брэм Стокер «Дракула» романын жазган.
- 1900 — Лаймен Фрэнк Баум «Оздун керемет сыйкырчысы» чыгармасын жарыялаган.
Белгилүү инсандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1864-жыл 25-октябрь — Акын, комузчу, обончу Токтогул Сатылганов туулган.
- Луи Пастер, 1878
- Хосе Рисаль
- Эдгар Аллан По
- Артюр Рембо
- Марк Твен, 1894
- Ральф Уолдо Эмерсон
- Генри Дейвид Торо, 1861
- Эмил Золя
- Федор Достоевский, 1876
- Жон Лоуренс Салливан
- Давид Ливингстон
- Жесси Жеймс жана Франк Жеймс, 1872
- Татанка Ийотаке жана Буффало Билл
- Жеронимо
- Билли Кид
- Бэт Мастерсон жана Уайетт Эрп
- Мэтью Бенжамин Брейди
- Альфред Теннисон
- Томас Наст
- Мирза Гулам Ахмад
- Михаил Бакунин
- Сёрен Кьеркегор
- Соломон Нортап
- Скотт Дред
- Мадам Си Жей Уокер
- Клод Моненин картинасы
- Поль Сезанн
- Скотт Жоплин
- Никколо Паганини
- Фридерик Шопен, 1838
- Жон Дэвисон Рокфеллер
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ ByWilliam L. Cleveland, Martin Bunton. A History of the Modern Middle East
- ↑ Photo Gallery for Supercentenarians born in the year 1897, as of December 19, 2019.
- ↑ Slate. The Last Known Person Born in the 19th Century Dies in Japan at 117
- ↑ DIREGIOVANI. Emma Morano, è italiana la nonnina del mondo
- ↑ Science Museum. Ahoy! Alexander Graham Bell and the first telephone call
- ↑ Wired. Dec. 18, 1878: Let There Be Light — Electric Light
- ↑ Encyclopædia Britannica's Great Inventions
- ↑ History of Massachusetts Blog. The Industrial Revolution in America
- ↑ The Life of the Industrial Worker in Ninteenth-Century England — Evidence Given Before the Sadler Committee (1831-1832)
- ↑ Encyclopædia Britannica. Modernization – Population Change.
- ↑ BBC. Sailing against slavery
- ↑ The Atlantic: Can the US afford immigration?
- ↑ John Huddleston (2002). Johns Hopkins University Press. Killing ground: photographs of the Civil War and the changing American landscape.
- ↑ The Tennessean. Tennessee execution: Nicholas Todd Sutton executed by electric chair
- ↑ James Flath, Norman Smith. Beyond Suffering: Recounting War in Modern China
- ↑ Hector Perez-Brignoli. A Brief History of Central America
- ↑ Barrett. A brief history of radio wave technology
- ↑ FCC. Pioneers of radio
- ↑ The History of Radio Waves & Interesting Facts
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Historical Encyclopedia
- The History Files
- Хронос. Интернеттеги дүйнөлүк тарых
- World History Encyclopedia
- History Skills
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |