XI кылым
Көрүнүш
XI (он биринчи) кылым — 1001-жылдын 1-январынан 1100-жылдын 31-декабрына чейин созулган II миң жылдыктын биринчи кылымы.
Негизги окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биринчи Болгар падышалыгы Византия тарабынан басып алынган (968—1018).
- Венгрия падышалыгы (1001—1918).
- Ляо (Кытай) династиясы Сун империясын салык төлөөгө мажбурлаган (1004, Чаньюан келишими).
- Византия-Грузия согушу (1014—1023).
- Орустардын Византияга каршы жортуулдары (1024; 1043).
- Польша падышалыгы (1025—1569).
- Кордова халифаты (929—1031) бир нече эмирликтерге бөлүнүп кеткен. Альморавиддердин бийлиги (болжол менен 1040—1147).
- Улуу Санчо III өлүмүнөн кийин Кастилия жана Арагон өз алдынча падышалыктар болуп калышкан (1035).
- Улуу Селжук империясы (1037—1194). Данданакан салгылашуусу (1040). Багдаддын сельжуктар тарабынан басып алынышы (1055).
- Караханид мамлекети Батыш жана Чыгыш хандыктарына бөлүнгөн (1040).
- Паган падышалыгы (1044—1287). Татон жана Мон падышалыктарын басып алуу (1057).
- Жапонияда Хэйан доору (794—1185). Дзэнкунэн согушу (1051—1063). Госаннэн согушу (1083—1089).
- Нормандиялыктардын Түштүк Италияны басып алышы. Чивитате салгылашуусу (1053), Лео IX папасы туткунга түшүрүлгөн.
- Христиан чиркөөсүнүн бөлүнүшү (1054)[1][2].
- Атапуэрка салгылашуусу (1054). Улуу Фердинанд I бүткүл Испаниянын императору деп жарыяланган (1056).
- Византия императору Михаил VI Стратиотиктин Исаак I Комнин тарабынан тактан түшүрүлүшү (1057).
- 1059-жылдагы Латеран собору. Папаны кардинал-епископдор гана шайлоо тартиби белгиленген.
- Нормандиялыктардын Англияны басып алышы (1066—1072). Гастингс салгылашуусу (1066).
- Манцикерт салгылашуусу (1071) — Византия империясынын сельжуктарга каршы салгылашууда оор жеңилиштерге туш болушу.
- Инвеститура үчүн күрөш (1075—1122). Римдин талап-тоноого алынышы (1084).
- Кония (Рум) султанаты (1077—1307).
- Византияда Комниндердин кайра жандануу доору (1081—1185).
- Толедо падышалыгы (1085—1833) реконкистанын жүрүшүндө басып алынган. Түштүк Испаниянын мусулман аймактары Юсуф ибн Ташфиндин бийлиги астында бириктирилген.
- Англия падышалыгында жерге байланыштуу каттоо жүргүзүлүшү (1086).
- Давид IV Куруучунун Грузияда бийлик жүргүзүшү (1089—1125).
- Низариттер мамлекети (1090—1256).
- Левунион салгылашуусу (1091). Печенег хандыгы талкаланган (860—1091).
- Франция падышасы Филипп I эки жолу үйлөнгөнү үчүн диний коомдон чыгарылган (1094).
- Биринчи кресттик жортуул (1096—1099). Иерусалимди курчап алуу (1099).
- Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азиядагы XI кылымдагы кризис.
- Христиан дининин Данияда жеңиши.
- Германияда Баден маркграфтыгынын түзүлүшү.
- Половец урууларынын Дунай бойлоруна отурукташуусу.
- Ченле (Камбожа) Двараватини каратып, өз курамына кошкон.
- Чичимек уруулары тольтек цивилизациясын талкалаган[3][4].
Галерея
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кастилиянын падышасыАльфонсо VI
- Ыйык Рим империясынын регенти болгон немис ханышасы Агнеса де Пуатье
- Византия империясынын падышасы Василий II
- Англиянын падышасы Улуу Кнуд
- Атланттар – Туладагы толтек жоокерлери сымалындагы колонналар
- Кытайдын Ду Фу паркындагы акындардын чоң залындагы Ли Цинчжаонун айкели
- Тосканиялык Матильда
- Кытай императору Шэнь-цзун (Сун династиясы)
- Жэнь-цзун Кытайдын императору (Сун династиясы)
- Сэй-Сёнагон жапон жазуучу айымы
- Урбан II рим папасынын Римдеги айкели
- Личфилд соборунун батышында «Домесдей китебин» кармап турган Уильям жеңип алуучунун айкели
- Айя София чиркөөсүндөгү Константин IX Мономахтын, Зоянын падыша айымдын жана Иса пайгамбардын элестири түшүрүлгөн XI кылымга таандык мозаика
- Алтын кошулур жасалган XI кылымга таандык тарыхый эстелик. Азыр Луврда сакталууда
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Historical Encyclopedia
- The History Files
- Хронос. Интернеттеги дүйнөлүк тарых
- World History Encyclopedia
- History Skills
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |