XVII кылым
Көрүнүш
XVII (он жетинчи) кылым — 1601-жылдын 1-январынан 1700-жылдын 31-декабрына чейин созулган II миң жылдыктын жетинчи кылымы.
Негизги окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Нидерланд революциясы (1568—1648). Голландиянын «Алтын доору», Испаниянын «алтын доорунун» аякташы. Морисктердин сүргүнгө айдалышы (1609—1614).
- Орусиядагы Смутное время деп аталган мезгил (1598—1613) жана Улуу ачарчылык (1601—1603). Орусия-Польша согушу (1609—1618). Жети боярдын башкаруусу (1610—1613). Экинчи элдик кошуун (1611—1612). Романовдор династиясынын бийлигинин башталышы (1613).
- Швециянын Речь Посполитая менен (1600—1611; 1617—1618; 1621—1626; 1626—1629), Россия менен (1610—1617; 1656—1658), Дания менен (1611—1613; 1643—1645; 1657—1658; 1658—1660; 1675—1679) согуштары.
- Англиянын (1600), Голландиянын (1602) жана Франциянын (1664) Ост-Индия компанияларынын түзүлүшү[1][2].
- Голландия-Португалия согушу (1602—1661).
- Түндүк Американын колониялашуусунун башталышы: Англия — Жеймстаун (1607), Франция — Квебек (1608), Голландия — Жаңы Амстердам (1625).
- Францияда абсолюттук монархия доорунун башталышы (1614—1789) («Улуу кылым», «Эски тартип»).
- Отуз жылдык согуш (1618—1648). Вестфал тынчтыгы (1648).
- Англия-Франция согушу (1627—1629). Ла-Рошельдин курчоосу (1627—1628).
- Смоленск согушу (1632—1634)[3].
- Калмак (1633), Жуңгар (1635) жана Хошут (1642) хандыктарынын түзүлүшү, алардын аскерий кеңейиши «кичинекей монгол чапкыны» деген ат менен белгилүү.
- Франция-Испания согушу (1635—1659).
- Португалиянын көз карандысыздык үчүн согушу (1637—1668).
- Жапониянын өзүн-өзү обочолонтуу саясатынын башталышы (1641—1853).
- Англия революциясы (1642—1651).
- Англия, Шотландия жана Ирландия согуштары (1639—1651; «Үч падышалыктын согуштары»).
- Кытайдагы Мин династиясынын кулашы (1644).
- Манжурлардын Кытайды багындырышы (1644—1683; Цин династиясы) жана деңиз соодасына тыюу салуу (1647).
- Фронда (1648—1653) — Людовик XIV жаш кезиндеги Франциядагы жарандык согуш.
- Улуу Түрк согушу (1667—1700).
- Түркиянын Польша (1620—1621; 1633—1634; 1672—1676; 1683—1699), Венеция (1645—1669; 1684—1699), Австрия (1663—1664), Орусия (1672—1681; 1686—1700) менен согуштары.
- Деволюция согушу (1667—1668) — Франциянын Испанияга, Голландияга, Швецияга жана Англияга каршы согушу.
- Голландия согушу (1672—1678).
- Маратха мамлекети түзүлгөн (1674). Декан согуштары (1681—1707).
- Фонтенбло эдикти (1685) — протестанттарды Франциядан качууга мажбурлаган жарлык.
- Аугсбург лигасынын согушу (1688—1697).
- Биринчи ойрот-манжур согушу (1688/1690—1697). Жыйынтыгында Халха Цин империясына кошулган.
- Вена салгылашы (1683).
- Пётр I реформалары (1696—1725).
Ойлоп табуулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Галерея
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Католик генералы Альбрехт фон Валленштейн (1583–1634), Отуз жылдык согуш учурундагы падышалык армиянын жогорку кол башчысы.
- Ян Питерсун Коэн (1587–1629), Батавиянын негиздөөчүсү, Голландиянын Ист-Индия компаниясынын кызматкери болгон жана эки мөөнөт Голландиянын Ист-Индиясынын генерал-губернатору.
- Рене Декарт (1596–1650) Швециянын ханышасы Кристина (1626–1689) менен
- Кардинал Мазарин (1602–1661), Франциянын Людовик XIII жана Людовик XIV падышаларынын башкы министри
- Индия жарым аралынын аймагын 49 жыл башкарган могол императору Аурангзеб (1618–1707).
- Чхатрапати Шиважи (1630–1680) Маратха империясынын негиздөөчүсү.
- Император Канси (1661–1722) Цин династиясынын эң таасирдүү императорлорунун бири.
- Токугава Иэясу Жапониянын акыркы сёгунатынын негиздөөчүсү.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ The East India company. History. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2025.
- ↑ Encyclopædia Britannica. East India Company
- ↑ Руниверс. Смоленская война (Русско-польская война 1632 – 1634 гг.). Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 15 -июнь (кулжа) 2025.
- ↑ Pieces of time. The History of the Barometer
- ↑ Барометр: история появления
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- The East India company(жеткиликсиз шилтеме)
- Historical Encyclopedia
- The History Files
- Хронос. Интернеттеги дүйнөлүк тарых
- World History Encyclopedia
- History Skills
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |