XVI кылым
Көрүнүш
XVI (он алтынчы) кылым — 1501-жылдын 1-январынан 1600-жылдын 31-декабрына чейин созулган II миң жылдыктын алтынчы кылымы.

Негизги окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Улуу географиялык ачылыштар доору[1]. Европалыктар тарабынан Тынч океаны ачылган.
- Индейлердин геноциди.
- Испандар ацтек жана инк империяларын басып алышкан. Испаниянын Алтын доору.
- Италия согуштары (1499–1504, 1508–1516, 1521–1526, 1526–1530, 1536–1538, 1542–1546, 1551–1559).
- Осмон империясынын Венеция (1499-1503, 1537-1540, 1570-1573), Персия (1514-1555, 1578-1590), Габсбургдар (1526, 1529, 1530-1552, 1593-1606) менен болгон согуштары. Франция-Түркия биримдиги (1528-1798).
- Орусия-Литва согуштары (1500-1503, 1507-1508, 1512-1522, 1534-1537).
- Португалиянын Инди океанындагы үстөмдүк үчүн Мамлүктар султандыгы (1505–1517), Осмон империясы (1509, 1538–1557, 1558–1566, 1580–1589), Персия (1507–1622) менен болгон согуштары. Бразилиянын жээги ачылып, Португалияга кошулган.
- Индиядагы биринчи европалык колония негизделген
- Португалия Гоаны басып алган.
- Моголдор империясынын негизделиши (1526).
- Европалыктар менен Жапониянын ортосундагы соода жана маданий карым-катнаштын башталышы (1543).
- Сиам-Бирма согуштары (1547–1549; 1563–1564; 1568–1569; 1584–1593; 1594–1605).
- Орусия-Швеция согуштары (1554-1557, 1590-1595).
- Кытайдагы катуу жер титирөө (1556).
- Португалиялыктар Кытайда Макао конушун негиздешкен (1557)[2][3].
- Түндүк жети жылдык согушу (1563-1570).
- Англия-Испания согушу (1585-1604).
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Historical Encyclopedia
- The History Files
- Хронос. Интернеттеги дүйнөлүк тарых
- World History Encyclopedia
- History Skills
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |