XV кылым
XV (он бешинчи) кылым — 1401-жылдын 1-январынан 1500-жылдын 31-декабрына чейин созулган II миң жылдыктын бешинчи кылымы.
Европада XV кылым кеч орто кылымдарынын, эрте ренессанстын жана эрте жаңы доордун башталышы менен мүнөздөлөт. Бул мезгилде архитектуралык перспектива, банк иши жана бухгалтерия багыттары Италияда калыптанган.
Жүз жылдык согуш Кастильон салгылашында француздардын жеңиши менен аяктап, Англиядагы каржылык каатчылык Розалар согушуна алып келген. Жаңжал Генрих VII Босворт талаасында Ричард III жеңүүсү жана Тюдорлор династиясынын орношу менен жыйынтыкталган.
1453-жылы Константинополдун Осмон түрктөрүнө багынышы Византия империясынын жоголушуна алып келген[1].
Испанияда реконкиста аяктап, мусулман калкын мажбурлап чокундурулушу менен жети кылымдык ислам башкаруусу жоюлган[2][3].
Азияда Тимуриддер мамлекети кулап, Дели султанатын Лоди династиясы көзөмөлгө алган. Мин династиясы Чжэн Хэ императору тушунда өнүгүп, Тыюу салынган шаары курулуп[4], Чжэн Хэнин деңиз экспедициялары жүргүзүлгөн.
Африкада исламдын жайылышы Нубиядагы христиан падышалыктарынын кыйрашына алып келип, Мали империясы күчтүү Сонгай империясынын басымына туш болгон.
Америкада ацтек жана инка мамлекеттеринин күч-кубатынын эң өнүккөн чекитине жеткен. Христофор Колумбдун жана башка европалык саякатчылардын экспедициялары башталган.
Дүйнөлүк соодада Бенгал султанатынын байлыктары европалыктардын кызыгуусун туудурган[5], бирок Осмон империясынын салыктары сооданы чектеп, Колумб жана Васко да Гама сыяктуу деңизчилер Индияга жаңы жолдорду издөө үчүн саякаттарга чыккан.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Тыюу салынган шаарынын музейинин сайты
- Historical Encyclopedia
- The History Files
- Хронос. Интернеттеги дүйнөлүк тарых
- World History Encyclopedia
- History Skills
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |