Мазмунга өтүү

XX кылым

Википедия — ачык энциклопедия
2- миң жылдык
XVIII кылымXIX кылымXX кылымXXI кылымXXII кылым
1890-чу 1890 1891 1892 1893 1894 1895 1896 1897 1898 1899
1900-чу 1900 1901 1902 1903 1904 1905 1906 1907 1908 1909
1910-чу 1910 1911 1912 1913 1914 1915 1916 1917 1918 1919
1920-чу 1920 1921 1922 1923 1924 1925 1926 1927 1928 1929
1930-чу 1930 1931 1932 1933 1934 1935 1936 1937 1938 1939
1940-чу 1940 1941 1942 1943 1944 1945 1946 1947 1948 1949
1950-чу 1950 1951 1952 1953 1954 1955 1956 1957 1958 1959
1960-чу 1960 1961 1962 1963 1964 1965 1966 1967 1968 1969
1970-чу 1970 1971 1972 1973 1974 1975 1976 1977 1978 1979
1980-чу 1980 1981 1982 1983 1984 1985 1986 1987 1988 1989
1990-чу 1990 1991 1992 1993 1994 1995 1996 1997 1998 1999
2000-чу 2000 2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009
Хронологиялык жадыбал

XX (жыйырманчы) кылым1901-жылдын 1-январынан 2000-жылдын 31-декабрына чейин созулган II миң жылдыктын онунчу кылымы.

Бул кылым илимий түшүнүктөрдүн жаңы моделдери, согуш жүргүзүүнүн буга чейин болуп көрбөгөн масштабдары, дээрлик заматта иштеген байланыш ыкмалары жана искусство менен көңүл ачуу маданиятынын жаңы формалары менен мүнөздөлөт. Калктын өсүшү да мурда болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен болгон, кылымдын башында дүйнөдө болжол менен 1,6 миллиард адам болсо, кылымдын аягында адамдардын саны 6,2 миллиардга жеткен.

XX кылым дүйнөнүн саясий жана коомдук түзүлүшүн түп-тамырынан өзгөрткөн ири геосаясий окуялар менен белгиленди: Биринчи дүйнөлүк согуш, испан тумоосунун пандемиясы, Экинчи дүйнөлүк согуш жана Кансыз согуш. Илим менен технологиядагы болуп көрбөгөндөй жетишкендиктер кылымдын өнүгүү багытын аныктады. Алардын катарына өзөктүк куралдар менен өзөктүк энергетиканын пайда болушу, космосту изилдөө, аналогдук эсептөөлөрдөн санариптик эсептөөлөргө өтүү, ошондой эле транспорттун өнүгүшү — учактардын жана автомобилдердин кеңири жайылышы кирет. Жер шарындагы алтынчы массалык кырылуу, голоцендик жок болуу процесси улантылып, ошол эле учурда табиятты коргоо боюнча адамзаттын аракеттери да күчөдү.

Кылымдын негизги темаларына деколонизация, улутчулдук, глобалдашуу жана өкмөттөр аралык уюмдардын жаңы формалары кирди. Демократия көп өлкөлөргө жайылып, дүйнөнүн көп мамлекеттеринде аялдарга шайлоо укугу берилди. Транспорттун, маалымат жана байланыш технологияларынын өнүгүшү маданий бир тектүүлүктүн башталышына алып келди: популярдуу музыка, батыш маданиятынын таасири, эл аралык корпорациялар жана кылымдын аягына карата дээрлик чыныгы глобалдык экономика калыптанды. Жакырчылык азайып, жашоо деңгээли жогорулады, дүйнө калкы өстү, айлана-чөйрөнүн бузулушу жана экологиялык жок болуулар тууралуу аң-сезим адамдардын арасында күчөдү.

Автомобилдер, учактар жана үй тиричилик техникасы кеңири тарады, ал эми видео жана аудио жаздыруу массалык колдонууга өттү. Бул жетишкендиктер оңой ташылып, пайдаланылуучу энергия булагы болгон казылып алынуучу отундарды колдонуу менен гана мүмкүн болду, бирок ошол эле учурда булгануу жана айлана-чөйрөгө узак мөөнөттүү таасир тууралуу тынчсызданууларды дагы жаратты.

Адамзат космосту изилдөөнү баштап, Айга алгачкы кадамдарын таштады. Электр энергиясын өндүрүү жана телекоммуникация тармактарындагы ири ийгиликтер дүйнө жүзү боюнча дээрлик заматта байланышууга шарт түзүп, акыры Интернеттин пайда болушуна алып келди.

Ошол эле маалда медицинадагы жетишкендиктер көптөгөн жугуштуу оорулардын дээрлик толук жоюлушуна же таптакыр жок кылынуусуна өбөлгө түзүп, биологиялык генетикалык инженериянын онүгүүшүнө түрткү болду. Салыштырмалуулук теориясы жана кванттык физика сыяктуу илимий ачылыштар физикалык илимдердин негизги түшүнүктөрүн түп-тамырынан өзгөрттү.

Жалпы маалымат

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул кылымдын башында Британ империясы дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекет болгон, жана ал бир кылым бою дүйнөнүн «тартип сакчысы» катары саясатын жүргүзгөн[1].

Биринчи дүйнөлүк согушка чейинки дүйнө мамлекеттери жана империялаы.

Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы технологиялык жетишкендиктер согуш жүргүзүү ыкмаларын түп-тамырынан өзгөрткөн, анткени танктар, химиялык куралдар жана учактар сыяктуу жаңы ойлоп табуулар тактика менен стратегияга олуттуу таасирин тийгизген. Батыш Европада төрт жылдан ашык убактыка созулган согуштан жана 17 миллионго чейин адамдын өлүмүнөн кийин, Антантага кирген мамлекеттер (Франция, Британия жана Орусия, кийин Америка Кошмо Штаттары, Италия жана Румыния кошулган) европалык империяларды (Германия, Австрия-Венгрия, Осмон империясы жана Болгария) жеңип чыгышкан. Жеңген тараптар жеңилген мамлекеттердин көптөгөн колониялык аймактарын өзүнө кошуп алып, алардан чоң өлчөмдө компенсация төлөтүшкөн, бул саясий окуялар айрыкча Германияны терең экономикалык кризиске түрткөн. Согуштун жыйынтыгында Австрия-Венгрия жана Осмон империялары ыдыраган. Орусиядагы революция Николай II падышалык бийлигин кулатып, Орусиядагы жарандык согуштун башталышына алып келген. Жеңишке жеткен большевиктер дүйнөдөгү биринчи коммунисттик мамлекет болгон Советтер Союзун түзүшкөн.

Фашизм — биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки нааразычылыктын натыйжасында пайда болуп, 1930-жылдардагы Улуу депрессия мезгилинде күч алган кыймыл болгон. 1920–1930-жылдары Италияда, Германияда жана Испанияда фашизм кеңири жайылып, акыры Экинчи дүйнөлүк согушка алып келген. Бул согуш нацисттик Германиянын агрессивдүү экспансиясы менен башталган. Ошол эле учурда Жапония тез арада технологиялык жактан өнүккөн индустриялык мамлекетке айланып, Германия жана Италия менен бирге «Ось мамлекеттерин» түзгөн. Жапониянын Чыгыш Азия жана Тынч океан аймагындагы аскердик жайгашуусунун жайылышы Америка Кошмо Штаттары менен кагылышууга алып келип, Жапониянын АКШнын аймактарына күтүүсүз чабуулдарынын натыйжасында АКШ экинчи дүйнөлүк согушка катышуусун баштаган.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Улуттар Лигасынын ордуна Бириккен Улуттар Уюму түзүлүп, ал дүйнө мамлекеттеринин ортосундагы маселелерди дипломатиялык жол менен талкуулай турган эл аралык аянтчага айланган[2][3][4]. Бул уюм согуш жүргүзүүнүн эрежелери, айлана-чөйрөнү коргоо, эл аралык эгемендик жана адам укуктары боюнча чечимдерди кабыл алган. Ар кайсы мамлекеттерден түзүлгөн тынчтык орнотуу күчтөрү жана БУУнун ар кандай жардам агенттиктери ачарчылык, оорулар жана жакырчылык менен күрөшүүгө, ошондой эле айрым жергиликтүү куралдуу жаңжалдарды токтотууга жардам беришкен[5]. Европа акырындык менен экономикалык жана айрым саясий жактан биригип, XX кылымдын аягына карата 15 мамлекеттен турган Европа бирлиги түзүлгөн[6][7].

Согуштан кийин Германия оккупацияланып, батыш мамлекеттери менен Советтер Союзунун ортосунда бөлүнгөн. Чыгыш Германия жана Чыгыш Европанын көпчүлүк өлкөлөрү коммунисттик режимдүү жана сырты саясатын жүргүзүүдө СССРден көз каранды мамлекеттерине айланган. Батыш Европа АКШнын Маршалл планынын негизинде калыбына келтирилип, согуштан кийинки чоң экономикалык өсүшкө жетишкен жана бул өлкөлөрдүн көбү АКШнын жакын союздаштарына айланган[8].

XX кылымдын аягындагы Жер планетасынын абалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикалык өсүштүн жана технологиялык прогресстин негизиде адамзаттын күнүмдүк жашоосу түп-тамырынан өзгөргөн. Европанын аймагында тарыхта биринчи жолу туруктуу тынчтык орногон.

XX кылымдын аягында дүйнө калкынын алтыдан бир бөлүгү жашаган Индия субконтинентинин эли кылымдардан бери биринчи жолу көз карандысыздыкка жетишкен. Дүйнө калкынын бештен бир бөлүгүн түзгөн байыркы Кытай аймагын дүйнөгө ачып, эски маданий тартип дээрлик толугу менен жок кылынгандан кийин жаңы мамлекет түзүлгөн. Колониализмдин жана Кансыз согуштун аякташы менен Африкада дээрлик бир миллиард адам жаңы мамлекеттердин жараны болуп калышкан.

Дүйнө глобалдашуунун экинчи чоң мезгилин башынан кечирүүдө, биринчиси XVI кылымда башталып, Биринчи дүйнөлүк согуш менен аяктаган. АКШ үстөмдүк кылгандыктан, бул процесстин негизги бөлүгү - америкалыкташтыруу процесстери менен коштолгон. Дүйнөдөгү эң көп калкы бар калк дүйнөлүк экономикага тездик менен интеграцияланып жаткандыктан, Кытай менен Индиянын таасири да өскөн.

Терроризм, диктатура жана ядролук куралдын жайылышы глобалдык актуалдуу маселелерге айланган. Дүйнө дагы эле ресурстар үчүн атаандаштыктан жана этникалык чыр-чатактардан улам пайда болгон чакан согуштар жана башка зордук-зомбулук чыр-чатактарынан жапа чегип келет.

Батыш Нил вирусу сыяктуу жаңы вирустар жайылып, безгек жана башка оорулар калктын көп бөлүгүнө терс таасир эткен. Миллиондогон адамдар СПИДди козгогон ВИЧ вирусуан жабыркаган. Бул вирус Түштүк Африкада эпидемияга айланууда.

Дүйнө калкынын саны 1901-жылы болжол менен 1,6 миллиард адамдан XX кылымдын аягында 6,1 миллиардга чейин өcкөн.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]