Мазмунга өтүү

X кылым

Википедия — ачык энциклопедия
1- миң жылдык
VIII кылымIX кылымX кылымXI кылымXII кылым
890-чу 890 891 892 893 894 895 896 897 898 899
900-чу 900 901 902 903 904 905 906 907 908 909
910-чу 910 911 912 913 914 915 916 917 918 919
920-чу 920 921 922 923 924 925 926 927 928 929
930-чу 930 931 932 933 934 935 936 937 938 939
940-чу 940 941 942 943 944 945 946 947 948 949
950-чу 950 951 952 953 954 955 956 957 958 959
960-чу 960 961 962 963 964 965 966 967 968 969
970-чу 970 971 972 973 974 975 976 977 978 979
980-чу 980 981 982 983 984 985 986 987 988 989
990-чу 990 991 992 993 994 995 996 997 998 999
1000-чу 1000 1001 1002 1003 1004 1005 1006 1007 1008 1009
Хронологиялык жадыбал

X (онунчу) кылым901-жылдын 1-январынан 1000-жылдын 31-декабрына чейин созулган I миң жылдыктын онунчу кылымы.

Кытайда Тан династиясы кулагандан жана анын артынан келген Беш династия жана он падышалык доору аяктагандан кийин өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн кайрадан бириктирген Сун династиясы түзүлгөн.

Айрыкча Андалусиядагы (аль-Андалус) Кордова халифатынын жана Исмаил Саманий башкарган Саманийлер империясынын учурунда Ислам дүйнөсүндө да маданий гүлдөп-өнүгүү мезгили болгон.

Тарыхчы Линн Уайт бул доор жөнүндө мындай деп жазган: «Азыркы көз караш менен караганда, бул мезгил дээрлик «караңгы кылымдардын эң караңгысындай» көрүнөт... Эгерде ал чындап эле караңгы болсо, анда бул жатындын караңгылыгы сыяктуу караңгылык болгон»[1]. Цезарь Бароний бул доорду «Темир кылым» деп атаган, ал эми Валла Лоренцо бул убакытты «Коргошун жана темир доору» деп атаган[2].

Белгилүү инсандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Аль-Хорезми — математик, астроном, географ жана тарыхчы.
  • Ас-Суфи — персиялык астроном.
  • Авиценна (980—1037) — персиялык философ, окумуштуу, догдур, музыкант.
  • Агапит II — Рим папасы[3].
  • Адальберон Ланский — Лана епискобу, саясий ишмер.
  • Адальберт Войцех Пражский — Парганын епискобу.
  • Анастасий II — Рим папасы[4].
  • Александр — Византия императору[5].
  • Никифор Фока — византиялык аскер башчы жана император.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]