ZZ Top

Википедия дан

ZZ Top (айтылышы: /ˈziːziːtɒp/) - 1969-жылы Хүстондо (Техас) түзүлгөн рок-тобу. Топтун курамы 1970-жылдан бери өзгөргөн жок, алар: Дасти Хилл (бас-гитара, вокал), топтун лидери, ыр жазуучусу жана музыкалык аранжирлөөчү Билли Гиббонс (гитара, вокал), доолбасчы Фрэнк Бирд. Мурунку музыкант, сынчы жана жыйноочу Майкл "Каб" Кода ZZ Top жөнүндө мындай деп жазган: "Музыканын чыныгы негиздөөчүлөрүндөй эле, булардын бир канча эле теңдештери бар", "Гиббонс – чоң рок-аянтчаларда ойной ала турган Американын эң мыкты блюз гитаристтеринин бири...ал эми Хилл менен Бирд толук жана так ритм менен камсыз кылышат".

1971-жылы ZZ Top's First Album (кырг. ZZ Top тобунун алгачкы альбому) аталышындагы биринчи альбому жарыкка чыккан. Топтун чыгармачылыгы блюз жанры менен шыктандырылган рок музыкасы менен башталган, кийин алар синтезатордун жардамы менен нү-вейв, панк-рок жана дэнс-рок музыкалык багыттарды да киргизишкен. Ошондой эле ZZ Top тобу эки маанилүүлүккө жана адепсиз ишараларга толгон күлкүлүү ырлары менен белгилүү.

1983-жылы жарыкка чыгып АКШда 10 миллион альбому сатылган Eliminator топтун эң көп сатылган альбому болуп эсептелет. RIAA боюнча ZZ Top тобу 25 миллиондук альбом сатуулары менен АКШнын "Сатылышы көп болгон 100 музыкант" тизмесине кирген. 2016-жылдын статистикасы боюнча алардын ичине 11 алтын, 7 ак алтын жана 3 мульти-ак алтын альбомдору кирет. 2014-жылга чейин ZZ Top дүйнө жүзү боюнча 50 миллиондон ашык альбом саткан.

2004-жылы ZZ Top Рок-н-роллдун атак-даңк музейине киргизилген.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]