Абиджан шаары

Википедия дан

Абиджан шаары (Abidjan) — Кот-д'Ивуар мамлекетинин башкы шаары жана порту (жылына 15 млн жүк ташылат). Лагун облусунун административдик борбору. Атлантика океанындагы Эбрие көл чөгүндүлөрүнүн жээгинде, Абиджан жарым аралында жайгашкан. Калкы 4,9 млн (2003, шаар айланасы менен). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (консерва, кофе заводдору), нефть ажыратуу, металл иштетүү, жеңил (кездеме токуу, трикотаж, бут кийим) өнөр жайы, кеме верфи, Дакар университетинин филиалы, асем өнөр улуттук жогорку мектеби, этнографиялык музейи, улуттук китепкана иштейт. 1880-90-ж. француздар негиздеген. 1934-жылдан Франциянын ээлиги Пил Сөөктүү Жээктин, 1960-83-ж. Пил Сөөктүү Жээк Республикасынын борбору болгон. Жылуулук электр станциясы иштейт. Шаарга жакын Банко улуттук паркы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1