Абульхасан Саба

Википедия дан


Абульхасан Саба ابوالحسن صبا

  • Ойногон аспаптары: Скрипка, Сетар, Сантур, Тонбак, Ней, Каманче, Фортепиано жана Тар

Абуальхасан Саба 4-апрель 1903-жыл – 20-декабрь 1957-жыл. Иран музыкасынын белгилүү устаты, композитор жана ырчы болгон. Ал 70 жыл мурун Ирандын эң белгилүү музыканты болгон.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абулькасым Кемаль Султандын уулу Абульхасан Саба 1903-жылы 4-апрелде Тегеран шаарында музыкага жана адабиятка жакын үй бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Анын атасы Кемаль Султан доктур, тилчи жана музыка сүйүүчү болгон. Ал сетар (үч кылдуу музыкалык аспап) аспабында ойногон жана уулунун алгачкы мугалими болгон. Саба алгачкы музыкалык билимин атасынан үйрөнгөн. Ал сетар жана тарчылар Мырза Абдуллах Фарахани, Дариушхан, Али Нагин, скрипкада ойногон Хосейн Ханак Офарин, Кеманчечи Хосейн Исмаилзаде, сантурчу Али Акбархан, нейчи Акбархан жана Хажи хан сыяктуу белгилүү музыканттардан таалим тарбия алып, музыкалык билимин тереңдеткен. Ал жаш кезинен Вемаль Альмольк медресесинен сүрөт тартуу өнөрү тармагында билим алган. Андан тышкары Суханкари (металлды оюп ар кандай нерселерди жасоо), Нежари (жыгач уста), Рихтегери (металлды ээритип куюуу), мозаика жана хатемкари (жыгачка оюу түшүрүү) өнөрлөрүн терең өздөштүрүп үйрөнгөн жана ал өнөрлөрүн кийинчерээк музыкалык аспаптарды жасоодо колдонгон. Саба Хедаят менен Ниманын чыгармаларын көп окуган жана Нима, Шахрияр менен жакын мамиледе болгон. Саба 1932-жылы, Ниманын агасынын кызы Монтахеб Исфандияри КухеНур аттуу өзүнүн шакирттеринин бири менен баш кошкон жана натыйжада алар Газале, Жале жана Роксана атуу үч кыздуу болушкан. Абулхасан Сабба жүрөк оорусунан улам 1957-жылы 20-декабр айында (55 жаш курагында) Тегеран шаарында дүйнөдөн кайткан жана анын күмбөзү Захироддоуле кабырстанда жайгашкан. Абдулхасан Сабба дүйнөдөн кайткан соң, анын насаатынын негизинде жашап турган үйү 1974-жылы 20-ноябрда Көркөм өнөр институту тарабынан музейге айланган. Аталган музей 2004-жылы Сабба Хойиинин небересинин аракети менен анын аталган музейди оңдоп түзөө үчүн болгон күчүн жумшагандыктан музейдин абалы бүгүнкү күнгө жеткен жана маданият, көркөм өнөр искусствосун сүйүүчү ирандыктардын маданий үйүнө айланган. Устат Саббанын эң кичүү көкүрөк күчүгу Роксана музыкалык аспаптарга абдан жакын жана ал чоң апасынын өнөрүн улантып ирандын улуттук кийимдерин тигүүнү уланткан. Азыркы тапта Сабба Хойии “ман о то” (мен жана сен) аттуу талевизиондук каналынын сценаристтеринин бири болуп эмгектенет. Абулхасан Саббанын дагы бир небереси, анын улуу кызы Газаленин баласы Мир Вали да чоң атасындай музыкадан сабак берет. Ошентип Сабба көптөгөн окуучуларды окутуп эмгектектенген. Ал 1957-жылы 20-декабрь жума күнү кечинде жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Маданий иш-аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абулхасан Сабба 1923-жылы Али Наги Вазири түптөгөн музыкалык жогорку медресесинде билим алган. Ал 22 жашында музыкалык программаларды аткарган эң мыкты жана алдынкы студент болуу менен бирге достору, мугалимдердин сый урматы жана мактоосуна татыган. Анын жазылып алынган эң алгачкы эмгеги “Гаттейе зарде малиже” чыгармасын скрипкада ойногон. Ал чыгарма 1927-жылы чыгармалары жыйнагы болуп чыгып, элдин көңүлүн толугу менен өзүнө бурган. Абулхасан Саба 1927-жылы устаты Алинаги Вазири тарабынан жеке музыкалык мектеп ачууга жоопкерчилик милдетти алган. Ал эки жылга жакын музыкадан сабак берип иштеп, Ирандын түндүгүндөгү айылдарды кыдырып улуттук жана элдик мелодияларды чогулткан.Дилемандын ырлары, Касым Аабади Чубинин бийлери, Кухестани менен Амири Мазендаранинин чыгармалары Сабанын доорунан унутулбай эстеликке калган. Саба сантур, тар, таатар, тонбак, ней, каманче, крипка жана фортопиано сыяктуу баардык иран музыкалык аспаптарында ойной алган жана алардын ичинен скрипка менен сетар аспаптарында ойноону өзүнүн адистиги деп билген. Андан соң анын шакирти Алинаги Вазири Сабанын оркестринин солисти болуп чыга келген. 1939-жылы Тегеран радиосу ачылып Саба радио аркылуу музыка үйрөткөн, андан тышкары музыкалык академияда музыка сабагынан мугалим болуп эмгектенген, ал жашы өтүп калган маалда да үйүнө музыкалык курс ачып, өмүрүнүн акырына чейин үйүндө музыка сүйүүчүлөргө сабак берген.

  • Шахрияр Абулхасан Сабанын өлүмү жөнүндө мындай деген:
  • Эй Саба бериштиби унчукпастын дарысын?
  • Кандай шарап берди экен жансыз кылып денесин?
  • Абулхасан Саба 40 жыл бою музыкалык аспатарда ойноо билимин берген, оркестрлерде катышып, көптөгөн китептерди жазган жана Ирандагы музыка тармагында болгон баардык иш чараларга абдан жакшы таасир калтырган. Ал Иран музыкасындагы баардык тармактарды жада калса аспап жасоо, сүрөт тартуу, адабият ж.б. башка өнөрлөрдү да үйрөнгөн, англис тилин суудай билген жана иран музыка илиминин даанышманы болгон. Дариуш хандан башталган Ирандын жаңы музыкалык мектеби Сабанын жардамы менен ийгиликтин туу чокусуна жеткен жана анын окуучулары (шакирттери) анын жолун жолдоп мыкты музыкант болушкан.

Сабанын окуучулары (шакирттери)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хосейн Техрани, Хасан Касаи, Дариуш Савфат, Фарамарз Пайвар, Манучехр Садеги, Голиямхосейн Банан, Лотфаллах Паян, Али Тажвиди, Жахангир Камиян, Хамайун Херам, Асдаллах Молек, Рахматуллах Бадийи, Сасан Сипанта, Ибрахим Ганбари Мехр, Исмаил Чешд Азар, Мехди Халеди, Аббас Шапури, Мехди Мофтах, Мухаммад Али Бахарлу, Хабибулла Бадийи, Мухаммад Таганиян Дахкари, Сайид Гаражурлу, Шахрияр, Бабак Радманеш, Хосейн кожо Амири (Ираж), Ираж Кийяи, Парвиз Яахаги жана Фархад Фахреддинилер сыяктуу көрүнүктүү композитор, музыканттар Абулхасан Саббанын окуучулары (шакрирттери) болгон.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абулхасан Сабанын баардык чыгармалары жарык көргөн. Анын скприпкага чыгарган чыгармаларында абдан жогорку чеберчиликти жана аябагандай зор талантты байкоого болот. Устат Сабанын скрипка үйрөнүү боюнча үч окуу китеби, Сантур үйөнүү боюнча 4 китеби, Тар жана Сетар музыкалык аспаптарын үйрөнүү боюнча бир томдук китептери жарык көргөн жана анын калган китептери алигиче жарык көрө элек. Композитор Хосейн Малек аткарган ыр менен музыка да Абулхасан Сабага таандык. Сабба үйү атайы адистик музейге айланган ирандын эң алгачкы музыканты. Анын аты Тегеран шаарынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылган. Анын бизге эстелик катары калтырылган эмгектерин төмөнкүдөй кылып бөлсө болот.

  • Өзүнө таандык чыгармалар
  • Скрипка үйрөнүү, окуу китеби, 1,2,3 том.
  • Сантур ойногонду үйрөнүү окуу китеби, 1,2,3 жана 4 том.
  • Сетар ойногонду үйрөнүү окуу китеби, 1 том.
  • Өзүнө таандык эмес чыгармалар
  • Скрипкада ойноо эрежелери Вазири
  • Скрипкада ойноо эрежелери Вазири
  • Түр бейттеринин өңү
  • Иран ырларынын толук нугу
  • Аймактык музыкадан илхом алуу

Жана башка көптөгөн китептери жарык көргөн.

Аймактык музыкадан илхом алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дилман (Дашт)
  • Амири же Мазандарани (Дашт)
  • Зарде Малиже (Дашт)
  • Ве зандан (Шуштар)
  • Дар гафас (Капаста) (Дашт)
  • Кухестани (Тоолук) (Дашт)
  • Рагсе чуби (Чыбык бийи) (Афшар)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абулхасан Саба 1\0, 1\1, 1\2, 1\3, 1\4, 1\5, 1\6 Адабий, коомдук жана маданий студенттик бир айда бир чыгуучу журнал,
  • Абулхасан Саба Афтаб веббет.

Абулхасан Сабанын өмүр баяны: 3\0, 3\1, 3\2, 3\3, 3\4, 3\5, 3\6 онлайн Хамшахри

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абулхасан Саба жөнүндө макалалар викикапчыкта жуктөлгөн баардыгына жеткиликтүү.
  • Абулхасан Саба Теранетаануу.

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%A7%D8%A8%D9%88%D8%A7%D9%84%D8%AD%D8%B3%D9%86_%D8%B5%D8%A8%D8%A7 Музыка