Австралия зоогеографиялык облусу

Википедия дан
Австралия зоогеографиялык облусу.

Австралия зоогеографиялык облусу - Австралия жана ага чектеш аралдарды камтыйт. Ал 5 кичи облустан: Австралия (Австралиянын көпчүлүк бөлүгү, Тасман аралы), Папуас (Жаңы Гвинея жана батыш тараптагы аралдар), Жаңы Зеландия (Жаңы Зеландия жана Окленд, Макзори, Чатем аралы), Полинезия (Полинезия, Микронезия жана Меланезия аралы) жана Гавайиден (Гавайи аралы) турат. Австралия зоогеографиялык облустун эзелтен берки географиялык обочолонуусу, анын аймактарында байыркы жана өтө сейрек учуроочу эндемик, өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүнүн калыптанышына алып келген. Бул жерде жөнөкөй сүт эмүүчүлөр, анын ичинде бир тешиктүү жумуртка туучулар (өрдөктумшуктар, чүткөрлөр) жана баштыкчандар (160ка жакын түрү) басымдуулук кылат. Австралияда бөрсө (кенгуру), баштыкчан кумурскачылар, баштыкчан суусарлар, баштыкчан кашкулактар, баштыкчан жарганаттар, баштыкчан көрчычкандар, вомбаттар, баштыкчан аюу (коала), баштыкчан ибилис жана башкалар жашайт. Кемирүүчүлөр жана жарганаттардан башка чөптүү плаценталуу сүт эмүүчүлөр Австралия зоогеографиялык облусуна адам алып келип, кийин жапайы түргө айланып кеткен (жапайы коён, чочко, түлкү, ит жана башка). Баштыкчандар Австралияда адатта башка континенттерде чөптүү (плаценттүү) сүт эмүүчүлөр жашагандай жерлерди ээлейт, ошондуктан булардын тиричилик мүнөзү окшош калыптанган. Бул облустагы 700гө жакын куштардын 450дөйү (казуарлар, бейиш кушу, балчылар, кооз куйруктуулар көп, тотукуштар, таажычан көгүчкөндөр, чабакчылар жана башка) эндемиктер. Сойлоочулардын жалдуу крокодил, гаттерия, геккондор, жакалуу кескелдирик, тикендүү кескелдириктер, сцинктер кезигет. Жыландардын көбү уулуу, негизинен аспид уруусуна кирет. Тузсуз сууда жашоочулардын мүнөздүү өкүлү эки түрдүү демалуучу мүйүзтиш балыгы. Түндүк Австралия зоогеографиялык облусунун (Папуас кичи облусу) жаныбарлар дүйнөсү Инди-Малайя зоогеографиялык облусунун фаунасына окшош.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1