Австрия-Венгрия падышалыгы

Википедия дан
Австрия-Венгрия монархиясы‎»‎ барагынан багытталды)
Австрия-Венгрия монархиясы.
Австрия-Венгрия (1914).

Австрия-Венгрия падышалыгы (1867-1918)Австрия менен Венгриянын бийлөөчүлөрүнүн ортосундагы макулдашуунун (8-февраль 1867-ж.) негизинде түзүлгөн дуалисттик монархия. Венгриянын веналык абсолютизмге каршылыгынын күчөшү жана Австриянын 1859-1866-ж. Италия, Франция жана Пруссия менен болгон согуштарда жеңилүүсү башында император Франц Иосиф турган Габсбургдар династиясын мындай кадамга барууга аргасыз кылган. Макулдашуу боюнча Габсбургдар монархиясы Австрия империясы же Цислейтания (Австрия, Чехия, Моравия, Силезия, Истрия, Далмация, Буковина, Крайна, Галиция) жана Венгр Королдугу же Транслейтания (Венгрия, Словакия, Хорватия, Трансильвания жана башка жерлер кирген) болуп экиге бөлүнүп, алар Австрия-Венгриянын суверендүү бөлүктөрү деп таанылган, бирок австриялык император (Венгрия үчүн ал король болгон) тарабынан башкарылган жана ар бир мамлекет өзалдынча парламентке (Австрияда рейхсрат, Венгрияда сейм), башкаруу аппаратына ээ болгон. Тышкы иштер, аскер жана деңиз, финансы министрликтери Австрия-Венгрия империясы үчүн жалпы болуп түзүлгөн. Мамлекеттик түзүлүштү терең реформалоонун натыйжасында, Австрия-Венгрия империясы аянты жана калкы боюнча Европадагы эң ири (Орусиядан кийинки), көп улуттуу державага айланган. Австриянын жана Венгриянын башкаруучу төбөлдөрү Австрияда австрия-немистик, Венгрияда мажарлардын башка улуттардын үстүнөн үстөмдүгүн сактап турууга аракеттенген. Австрия-Венгриянын курамына кирген башка улуттардын кызыкчылыгына каршы турган империянын улуттук саясаты анын курамындагы элдердин улуттук-боштондук күрөшүнүн жогорулашынын жана Биринчи дүйнөлүк согуштун келип чыгуусунун негизги себептерине айланган. 1918-ж. 28-июлда Австрия-Венгрия Сербияга, 6-августта Орусияга согуш жарыялоо менен Германиянын союздашы катары Биринчи дүйнөлүк согушка кирген. Өлкөдөгү оор саясий-экономикалык кризистер жана 1918-ж. Австрия-Венгриянын согушта жеңилүүсү империянын кыйроосуна алып келген. Анын аймагында Австрия, Венгрия, Чехословакия мамлекеттери түзүлгөн, жеринин айрым бөлүктөрү Югославиянын, Румыниянын, Польшанын, Италиянын курамына кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1