Ага-Хан IV

Википедия дан

Ага-Хан IV - Улуу Даражалуу Ага Хан принц Каримшах (13. 12. 1936-ж. т., Швейцария, Женева ш.) шиит-исмаилит мусулмандарынын 49-мураскер имамы (1957жылдан). Ага Хан IV Мухаммед пайгамбардын бир тууганынын уулу, күйөө баласы Али ибн Абу Талиб жана кызы Фатима аркылуу пайгамбардын тике мурасчысы катары саналат. Ал чоң атасы Ага Хан III Султан Мухаммад Шахтын ишин улантып, коомдук жана саясий иштерге жигердүү катышууда.

Ага Хан IV калктын жашоо шартын жакшыртуу, жакырчылыктан чыгууга көмөк көрсөтүү, коомдук уюмдарды уюштуруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият тармактарында, ошондой эле алыскы аймактардын экономикасын өнүктүрүү маселелерин ишке ашыруу боюнча тогуз агентстводон турган «Ага Хан өнүктүрүү уюмунун» негиздөөчүсү жана төрагасы. Бул агенттиктер программаларын эл арасында улутуна ж-а динине карабастан ишке ашырышат.

Ага Хан IV Кыргызстанга биринчи жолу иш сапары менен 1995-ж. келген. 2001-ж. КР менен Исмаилиттер имаматынын ортосунда Кызматташуу тууралуу келишим түзүлгөн. Натыйжада «Ага Хан өнүктүрүү уюмунун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2005-жылдан Бишкекте иш жүргүзө баштаган. Ага Хандын колдоосу менен 2000-ж. дүйнөдөгү биринчи эл аралык артыкча укугу бар Борбордук Азия Университети (БАУ) уюшулган. БАУнун университет шаарчалары Нарында (Кыргызстан), Хорогдо (Тажикстан), Текелиде (Казакстан), ошондой эле Ош шаарында Ага Хан орто мектеби (2002) ачылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1