Агностицизм

Википедия дан
Томас Генри Хаксли

Агностицизм (гр. agnostos – таанып билүүгө болбойт) – философиядагы идеалисттик багыт; ал объективдүү дүйнө менен анын мыйзамдарын таанып билүүгө болбойт деп эсептеп, абсолюттук чындыкты танат. 18-кылымдарда агностицизмди теориялык жактан англиялык субъективдүү идеалист Юм, немец философ – идеалисти Кант иштеп чыгышкан. Агностицизм ар түрдүү формада кездешет. Мисалы, Кант нерселер объективдүү жашайт дегени менен, аларды таанып билүүгө болбойт десе, Юм нерселердин объективдүү жашашын танып, биз алар жөнүндө чындыкка жакын эч нерсе биле албайбыз деген жыйынтыкка келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1