Акырет
Көрүнүш
Акырет (арабча ахират — тиги дүйнө, а дүйнө)— диний түшүнүк боюнча өлгөн адам баруучу башка чыныгы дүйнө, адам өлгөндөн кийин жашоочу дүйнө. Ушул маанисинде эпосто арбын учурайт. Мисалы, «Алып келсе аламын, Ажалым жетсе арамдан, Акыретке барамын!» (Сагымбай Орозбаков, 2. 21). Эпостогу көпчүлүк каармандар акыреттин бар экендигине ишенишет, кара Тиги дуйнө. Ахират — (кырг. акырет) тиги дуйнө, а дуйнө — диний түшүнүк боюнча өлгөн адам баруучу башка чыныгы дүйнө, адам өлгөндөн кийин жашоочү дуйнө. Башкача айтканда мусулмандар бул сөз менен бул дүйнөнүн аягын, акыр заманды аташат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4