Александр Грибоедов

Википедия дан

Грибоедов Александр Сергеевич (4 (15). 1. 1795, Москва—30. 1 (И. 2). 1829, Тегеран) — орус жазуучусу жана дипломаты.

Эски дворян үй-бүлөсүнөн. 1810-ж. Москва университетинин көркөм сөз жана юрид. факультететин бүтүргөн, кийин физикалык-матем. факультететинде окутан. Көп чет тилди билген. Студент кезинде болочок декабристтерге жакындашкан жана А. С. Пушкин, В. А. Чаадаев менен тааныш болгон. Алгачкы чыгармалары: «Жаш жубайлар» (1815), «Студент» (1817, П. А. Катенин менен бирге) комедиялары жана памфлеттер. 1818-жылдан Тегеранда, Тбилисиде лига, кызмат аткарган. 1822-ж. Тбилисиде атактуу «Анна ши азабы» комедиясын баштан, 1824-ж. Петербургда бүтүргөн. Анда декабристчил идеялар чагылып. феод.-крепостной реакция менен алдыңкы жаштардын ортосундагы күрөш көрсөтүлөт. Комедия өз убагында өтө күчтүү коомдук кадыр-барк алып, басылып чыга электе эле элге кол жазма түрүндө тарап кеткен. 1828-ж. Иранга дипломатиялык ишке (элчи) жиберилген.

Англ, дипломаттар менен Тегерандагы реакциячыл чөйрөлөр тукурган фанатиктер орус миссиясын талкалаганда, Грибоедов киши колдуу болуп өлгөн.

Сөөгү Тбилисидеги Давид тоосуна коюлган.

Грибоедовдун «Акылдын азабы» комедиясы кыргыз тилине которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.