Александр Прохоров

Википедия дан
Александр Михайлович Прохоров‎»‎ барагынан багытталды)
Александр Прохоров.

Александр Михайлович Прохоров (1916-жыл 11-июль, Австралия, Квинсленд штаты, Атертон - 2002-жыл 8-январь, Москва) - советтик жана орусиялык физик, заманбап физиканын эң маанилүү багыттарынын бири болгон кванттык электрониканын негиздөөчүлөрүнүн бири, 1964-жылкы физика боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (Николай Басов жана Чарлз Таунс менен чогуу), лазердик технологияларды ойлоп тапкандардын бири болуп саналат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий эмгектери радиофизика, ылдамдаткычтар физикасы, радиоспектроскопия, кванттык электроника жана кошумчалары жана сызыктуу эмес оптикага арналган. Алгачкы эмгектеринде радиотолкундардын жер бетинде жана ионосферада таралышын изилдеген. Согуштан кийин радиогенераторлордун жыштыгын турукташтыруу ыкмалары менен алектенген. Бул анын кандидаттык диссертациясына негиз салган. Синхротрондогу миллиметрдик толкундарды генерациялоонуун жаңы режимин сунуштаган, шайкештик өзгөчөлүгүн тапкан жана бул эмгектин жыйынтыгы менен доктордук диссертациясын жактаган (1951).

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Каармандыгы үчүн" төш белгиси (13.04.1945)
  • Л.И. Мандельштам атындагы сыйлык (1948)
  • Ленин сыйлыгы (1959)
  • Беш Ленин сыйлыгы (анын ичинде 11.05.1981)
  • Ата-Мекендик согуштун I даражадагы ордени (1985)
  • Физика боюнча "Нобель" сыйлыгы (1964)
  • Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969, 1986)
  • СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1980)
  • Гельмгольц төш белгиси (1987)
  • "Ата-Мекенге кызматы үчүн" II даражадагы ордени (1996)
  • Орусия Федерациясынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгы (1998)
  • Фредерик Айвс төш белгиси (2000)
  • Демидов сыйлыгы (2001)
  • М.Л. Ломоносов атындагы Чоң алтын төш белги (1987)
  • СССРдин Министрлер Кеңешинин сыйлыгы (1988, 1989)
  • Микротолкун жана нанометр диапазонунда метрологиялык узундук өлчөөнүн илимий жана техникалык негиздерин иштеп чыканы жана алардын микроэлектроникага жана нанотехнологияларга жайылтканы үчүн Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн илим жана техника жаатындагы сыйлыгы (2003)
  • Чехословакия ИАнын чет өлкөлүк мүчөсү (1982)
  • Молдавия ИАнын ардактуу мүчөсү (1992)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]