Александр Невский лаврасы

Википедия дан

Александр Невский лаврасы - орус князы Александр Ярославич Невскийдин (1221-1263) шведдерди жеңишинин (1240) урматына Петр Інин буйругу менен 1710-ж. Черная дарыясынын (Монастырская) Невага куйган жеринде курулган. Алгач Ыйык-Троицк монастыры деп аталган, 1797-жылдан император Павел Інин указы менен ага Александр Невский лаврасы статусу ыйгарылган. Лавранын архитектуралык ансамблине Благовещенск чиркөөсү (1717-22), Федоров чиркөөсү (1742-50), Троицк собору ж. б. кирет. Петр I бул жерди дин кызматкерлери-архиерейлерди даярдоочу жайга айландырууну көздөгөн жана монастырдын перомонахтарынан аскер-деңиз флоту үчүн дин кызматкерлери алынган. Анын көрсөтмөсү менен 1724-ж. Александр Ярославич Невскийдин жасаты жана буюмдары Владимир шаарындагы Рождественск монастырынан Александр Невский лаврасына алынып келинген. 1720-ж. монастырдын алдында басмакана ачылган. 1721-ж. Славян мектеби түзүлүп, 1809-жылдан Санкт-Петербург дин академиясына айландырылган. Октябрь революциясынан (1917) кийин Александр Невский лаврасынын мүлкү конфискацияланып, карамагындагы чиркөөлөр жабылган. 1957-ж. Ыйык-Троицк собору кайра ачылган. 1996-ж. Александр Невский лаврасы орус православие чиркөөсүнө кайтарылган. Александр Невский лаврасына орустун атактуу тарыхый инсандарынын (М. В. Ломоносов, A. В. Суворов, М. И. Глинка, П. И. Чайковский, Н. М. Карамзин, Ф. М. Достоевский ж. б.) жана советтик маданият ишмерлеринин сөөктөрү коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]