Александр Суворов

Википедия дан

Суворов Александр Васильевич - орус кол башчысы жана аскер теоретиги, генералиссимус (1799), Рымник графы (1789), Италия князы (1799).

Дворян үй-бүлөдөн.

  • Аскер кызматын 1742-ж. мушкетёрлуктан баштаган.
  • 1756-63-жылдагы Жети жылдык согушка катышкан.
  • 1760-61-ж. башкы командачы В. В. Ферлордун штаб офицери (подполковник чининде). 1763-69-ж. Суздаль жөө аскер полкунун командири.
  • Офицер жана уйтер-офицерлер үчүн «Полк мекемеси» деген (аскердик даярдык жана тарбия боюнча) эмгек жазган.
  • Генерал-майор (1770).
  • Орус-түрк согушунда (1768- 74) эң сонун жеништери (1773-ж. Туртукайда, 1774-ж. Козлужда) менен даназаланган.
  • 1774-ж. 6-Москва дивизиясынын, 1778-79, 1782-84-ж. Крым шаарына Кубань аскерлеринин командачысы.
  • Суворов 1784-ж. Владимир, 1785-ж. Санкт-Петербург, 1786-ж. Кременчуг дивизияларынын командири. Генерал-аншеф (1786).
  • 1787-91-ж. орус-түрк согушунда Суворовдун аскерлери түрк армиясын Кинбурнда (1787, октябрь), Фокшанда (1789, 21-июль), Рымник салгылашында (1789) жана Измаил чебин алууда (1790, 11- дек.) катуу талкалаган.
  • 1791-ж. Финляндия, 1792-ж. Түштүк Украина аскерлерине командачы.
  • 1794-ж. 7-августта Суворов Поляк боштондук көтөрүлүшүн басып, 24-октябрда чабуул менен Праганы, Варшаваны ээлеген (бул үчүн Суворов генерал-фельдмаршал чинин алган).
  • 1795-ж. кайрадан түштүк аскерлерине командачы.
  • 1796-97-ж. Суворов өзүнүн «Женүү илими» деген эмгеги менен орус армиясынын ж. б. армиялардын согуштук тажрыйбасын жыйынтыктаган.
  • 1799-ж. революциячыл Францияга каршы согушта италиялык жана швейцариялык жортуулдарда орус аскерлерин башкарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.