Александр Фадеев

Википедия дан

Фадеев Александр Александрович (11.(24). 12. 1901, азыркы Калинин обл. Кимры - 13. 5. 1956, Москва) - орус совет жазуучусу, коомдук ишмер.

1908-жылдан Ыраакы Чыгышта жашап, 191219-ж. Владивосток соода окуу жайында окуп жүргөндө эле большевиктерге ыктаган. 1918-20-ж. жарандык согуштун катышуучусу. 1921-24-ж. Москва тоо-кен академиясынан окуп, 1924-26-ж. Краснодар менен Ростов-на-Донуда партиялык кызматта иштеген. Чыгармалары 1923-жылдан жарыялана баштаган. 1924-ж. «Ташкын» повести жарык көргөн. Ыраакы Чыгыштагы партизан кыймылын сүрөттөгөн «Талкалоо» романы (1927; кыргызчасы - 1957; аты уйкаш фильм - 1931) зор кызыгуу жараткан. «Акыркы удэгелик» романында (1-4-бөлүмү, 1929-40, бүтпөй калган) партиялык турмуш баяндалган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары элдин каарман күрөшү жөнүндө очерк, макалаларды жазып, «Ленинград коргонуу күндөрүндө» (1944) деген чыгармасын жарыялаган. Жаштардын уюмунун эрдиги тууралуу «Жаш гвардия» романын (1945, СССР мамлекеттик сыйл., 1946; 2-редакциясы - 1951; кыргызчасы - 1954, 1955; аты уйкаш фильм - 1948) жазып, алардын каарман образдары аркылуу социалисттик жаркын идеалды чагылдырган. Ф-дик чыгармалары дүйнө элдеринин тилдерине, а. и. кыргыз тилине да (3. Бектенов, У. Абдукаимов) которулган. Эки Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4