Александрия китепканасы

Википедия дан

Александрия китепканасы - байыркы китепкана; кол жазма китептердин ири жыйнагы (100 миңден 700 миңге чейинки том); б. з. ч. 3-кылымда Александрия шаарында (Египет) негизделген. Аны Эратосфен, Зенодот, Аристарх Самосский, Каллимах сыяктуу ири окумуштуулар башкарышкан. Каллимахтын жетекчилиги менен Александрия китепканасындагы китептерге каталог түзүлүп, ал дайыма толукталып турган. Александрия китепканасынын бир бөлүгү б. з. ч. 47-ж. Александриядагы согуштун учурунда өрттөнүп кетет, бирок кийинчерээк Пергам китепканасынын эсебинен калыбына келтирилген. Б. з. 391-ж. император Феодосий Інин тушунда китепкананын бир бөлүгү Сераппс храмында сакталып турганда христиан фанатиктери тарабынан, андан калганы 7-8-кылымда жок кылынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]