Алфонсо Куарон

Википедия дан

Алфонсо Куарон (англ. Alfonso Cuarón; испн. окулушу: [alˈfonso kwaˈɾon]; 1961-жылы,28-ноябрда туулган)-мексикалык кинорежиссёр, сценарист, продюсер жана "Кичинекей канбийке" (анг. A Little Princess, 1995), "Y Tu Mama Tambien"(2001),"Гарри Поттер" (анг. Harry Potter, 2004), Азбаканын туткуну (анг. Prisoner of Azbakan, 2006) жана "Гравитация" (анг. Gravity, 2013) аттуу тасмалардын монтажеру катары белгилүү. Куарон "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты режиссёр" наамын уткан алгачкы латын америкалык режиссёр.

Анын иштеринин көпчүлүгү көрүүчүлөрдүн жана киносынчылардын жогору баасына ээ болгон. Ошондой эле "Y Tu Mama Tambien" тасмасы үчүн "Эң мыкты түп нускадагы сценарий" жана "Адамдардын балдары" (анг. Children of Men) тасмасы үчүн "Эң мыкты адаптацияланган сценарий" жана "Эң мыкты монтаж" сыяктуу "Оскар" сыйлыгынын алты наамына көрсөтүлгөн. "Гравитация" тасмасындагы режиссёрдук иши үчүн чоң алкышка ээ болгон Куарон, ошол эле категорияда "Оскар", "Алтын Глобус" ,"BAFTA" жана "Америка Режиссёрлор Гилдиясы" сыйлыктарын жеңип алган. Ошондой эле, "BAFTA"сыйлыгынын "Эң мыкты британиялык тасма" жана "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты монтаж"(Марк Сэңер менен биргеликте) сыйлыктарын утуп алган. Ал "Пендин лабиринти"(анг. Pan's Labyrinth,2006) аттуу тасманын продюсерлеринин бири катары "BAFTA" сыйлыгынын "Англис тилинде эмес эң мыкты тасма" наамына ээ болгон.

Куарондун агасы Карлос жана уулу Хонас да жазуучу жана режиссёрлор. Ошондой эле экөө тең анын кээ бир чыгармаларына биргеликте сценарий жазышкан. Ал ошондой эле "Кинодогу үч дос" деген ат менен белгилүү болгон мексикалык режиссёрлор Гилермо дел Торо жана Алехандро Гонзалес менен да достук мамиледе.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]