Сарсен Аманжолов

Википедия дан
Аманжолов Сарсен‎»‎ барагынан багытталды)

Аманжолов Сарсен (27. 12. 1903, Чыгыш Казакстан облусу, Улан району, Еринсу айылы - 28. 1.1958, Алматы) - алгачкы казак тилчиси, филология илимдеринин доктору (1948), профессор (1948), Казакстан ИАсынын корреспондент мүчөсү (1954). Орто Азия мамлекеттик университетин бүтүргөн (1930). КазПИде окутуучу (1931), Казак улуттук маданияты институтунун директору (1934-36), КСРО ИАнын Казакстан филиалынын тил жана адабият секторунун башчысы (1937-42), «Кызыл Армия үгүтчүсү блокнотунун» жооптуу редактору (1944-58), Казакстан ИАсынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы (1946-58) болгон. Ал эне тилин окутуу боюнча бир нече эмгектерди жараткан. Казак тилинин диалектикалык негизин, өзгөчөлүгүн, ошондой эле калыптануу теориясын, тарыхын, анын түрк тилине жакындыгын изилдеген. Жалпы тил илимине, анын ичинде синтаксиске карата орчундуу аныктамалары бар. «Казак совет фольклору» (1935), «Казак тилинин грамматикасы, 1-бөлүк, Морфология» (1938-40), «Казак тилинин грамматикасы, 2-бөлүк, Синтаксис» (1939-97), «Казак адабий тили» (1949) ж. б. бир нече илимий эмгектерди жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]