Антарктика жарым аралы

Википедия дан
Антарктика жарым аралы.

Антарктика жарым аралы (1961-жылга чейин советтик жана англиялык карталарда Грейама жери, америкалык картада Палмера жарым аралы, чили картасында О’Хиггинс жери, аргентина картасында Сан-Мартин жери аталган) - Антарктида аймагынын бир бөлүгү. Болжол менен 1200 кмге түндүккө, Түштүк Американы карай созулат. Жазылыгы 200 кмдей. Бийиктиги 4191 мге чейин. Борбордук бөлүгүн мөңгүлүү плато (бийиктиги 1500-2000 м) ээлейт. Жээгинин айрым жеринде муз каптабаган тоо массивдери кездешет. Антарктика жарым аралында антарктидалык илимий станциялардын ¼ жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1