Антигуа-Гуатемала

Википедия дан
Антигуа-Гуатемала.

Антигуа-Гуатемала - Гватемаладагы шаар. Сакатепекес департаментинин административдик борбору. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Калкы 34 миң (2004). Гватемала шаарынан 30 км батышта, 1533 м бийиктикте Агуа өчкөн жанар тоонун (3766 м) этегинде жайгашкан. Автомобиль жолу аркылуу Панамерика шоссеси менен байланышат.

1527-жылы негизделген. 1541- жылы жанар тоонун атылышынан талкаланып, 1542- жылы азыркы ордуна көчүрүлгөн. 17-18- кылымда Борбордук Америкадагы ири саясий, экономикалык жана маданий борборго (Мехико, Лимадан кийин) айланган. Антигуа-Гуатемала – шаар музей. Өлкөнүн башкы туристтик борборлорунун бири. Эстеликтери: сарай (1549-68), ратуша (1739-43), Сан-Карлос университети, монастырь жана Нуэстра Сеньора де ла Мерсед чиркөөсү (17- кылым), Сантьяго собору (1542), Сан Франсиско (1690), Ла Кампаньия де Хесус (1698) чиркөөлөрү, Реаль Кабильдо (1740-43), Корол жана Каса де Чаморро (1702) сарайлары, 18- кылымдын турак-жайлары. Музейлер [Сантьяго, байыркы китептер, Каса Кохом (Музыка үйү)] бар. Жыл сайын диний фестивалдар өткөрүлөт. Яшма, жыгач, карападан кооз буюмдар жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1