Антоний Марк

Википедия дан

Антоний Марк (биздин заманга чейин 83-30-жылы) - байыркы римдик саясий ишмер жана кол башчы. Юлий Цезардын жактоочусу. Цезарь өлгөндөн кийин сенат ага каршы аскерлерин жиберип, 43-жылы Антоний жеңилет. 42-жылы Октавиан жана Лепид менен бирдикте Бруттун жана Кассийдин аскерлерин талкалап, 2-триумвиратты негиздеген. Андан кийин Антоний Рим державасынын чыгыш провинцияларын алып, ал жерде чексиз бийлик жүргүзгөн. Египет ханышасы Клеопатра менен жакындашып, Клеопатрага жана анын балдарына чоң аймактарды тартуу кылган. Ага нааразы болгон Сенат Клеопатрага каршы согуш жарыялап, Акций кысыгында египеттик флоттун жеңилиши (31-жыл) менен аяктаган. Октавиандын аскерлери Египетке басып киргенден кийин, Антоний Марк өзүн өзү өлтүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1