Антониони Микеланжело

Википедия дан

Антониони Микеланжело (29. 9. 1912-жылы туулган) италиялык кинорежиссёр. Болоньедеги экономика жана коммерция жогорку мектебин бүтүргөн, ошондой эле журналистика жана киносын боюнча да окуган. 1942-жылы режиссёр катары Францияда «Кечки келгиндер» (режиссёр М. Карне) фильминде стажер катары иштеген. «Трагедиялык аңчылык» (1947, режиссёр Д.Ж. де Сантис) жана башка фильмдерге сценарий жазган. «Ак шейх» фильминин сюжетинин автору (1952, режиссёр Ф. Феллини). «Жорук» (1960),Тун 1961 «Тутулуу» (1962), «Кызыл чол» (1964), «Забриски-пойнт» (1970), «Кесиби: репортёр» (1975) жана башка фильмдерди жараткан. Антониони дээрлик бардык фильмдеринин сценарийинин автору. 1980-жылы «Обервальддын сыры» (Ж. Коктонун «Эки баштуу бүркүт» пьесасы боюнча), 1982-жылы «Аялдагы окшоштук» телефильмин тарткан. Коптогон кинофестивалдардын бир нече жолку лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1