Аньшань

Википедия дан
Аньшань.
Аньшань.

Аньшань - Кытайдын түндүк-чыгышындагы шаар. Ляонин провинциясынын аймагында. Аньшань дарыясынын (Ляохэ өрөөнү) боюнда, Чыгыш Маньчжурия тоосунун этегинде, Шэньян административдик борборунан 90 км түштүк-батышта жайгашкан. Калкы 1,2 млн (2005; агломерациясында 3,4 млн). Шэньян - Далянь темир жолундагы жолдор тоому. 1911-жылга чейин анча чоң эмес кыштак. Темир кенин иштетүүнүн негизинде шаар болуп өсүп чыкты. Аньшаньдагы металлургия комбинаты Кытайдагы эң ири өнөр жай. Оор машина куруу, хим., цемент, нефть ажыратуу өнөр жайлары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1