Арам Хачатурян

Википедия дан

Хачатурян Арам Ильич (1903, Тбилиси - 1978, Москва) - армян композитору, дирижёр, педагог жана музыкалык-коомдук ишмер.

СССР эл артисти (1954), Армян ССР ИАнын акад. (1963),Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973), искусство таануу илимдеринин доктору, проф.(1965).

Гнесиндер атындагы музыкалык техникумду (1929-ж. виолончель, композиция боюнча), Москва консерваториясын(1934, Н. Я. Мясковскийдин классы боюнча) бүтүргөн.

Хачатуряндын чыгармачылыгында аспаптык музыка өзгөчө орунга ээ. Ал Кавказ жана Закавказье элдеринин музыкалык фольклорун чебердик менен пайдаланган. Анын чыгармалары фантазиясынын байлыгы, обондуулугу, темпераменттүүлүгү менен айырмаланат.

Хачатурян Армян ССРинин мамлекеттик гимнин(1944), «Гаянэ» (1942; 1-ред.

«Бакыт»,1939), «Спартак» (1956, Кыргыз oпеpa жана балет теагрында 1969-ж. колган) балеттерин, 3 симфония, симфониялык поэмалар, бий сюиталарын, аспаптык чыгармаларды, кантаталарды, хорлорду, спектакль (М.Лермонтов, «Маскарад»: У. Шекс-пир, «Макбет», «Король Лир»; Н.Погодин, «Кремль куранттары» ж. б.) жана кинофильмдер үчүн музыка жазган.

  • Ал дирижёр катары да белгилүү.1950-жылдан Москва консерваториясында жана Гнесиндер атындагы институтта сабак берген.
  • 1957-ж. СССР композиторлор союзунун секретары болгон.
  • СССР Жогорку Советине (5-шайл.) депутат.
  • Лениндик сыйл.(1959), СССР мамлекеттик сыйл. (1941,1943, 1946, 1950, 1971), Армян ССР мамлекеттик сыйл. (1965) лауреаты.
  • Үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.