Арканзас

Википедия дан
Арканзас

Арканзас - АКШдагы дарыя, Миссисипинин оң куймасы. Узундугу 2410 км, алабынын аянты 416 миң км2. Аскалуу тоолордон башталып, Улуу жана Борбордук түздүктөр аркылуу агат. Орточо чыгымы 1300 м3/сек (эң азы 23 м3/сек). Деңгээли Литл-Рок шаары тушта 8-10 мге чейин өзгөрүп турат, 1000 км аралыкка кеме жүрөт. Алабында ири суусактагыч бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Уичито, Талса, Литл-Рок шаарлары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]