Армин ван Бүрен

Википедия дан

Армин ван Бүрен (англ. Armin van Buuren, нидерландиялык тилинде айтылышы: [ˈɑrmɪn vɑn ˈbyːrə(n)]; 1976-жылы 25-декабрь) - нидерланддык дижейи, музыкалык продюсер жана ремикс жасоочу.

2001-жылдан тартып ван Бүрен 84 өлкөнүн 100дөн ашык FM радиостанцияларында берилген жана 37 миллиондон ашкан угармандары болгон A State of Trance (кырг. Транс абалына кабылуу) аталышындагы ар апта сайын чыккан радио-шоуду алып барган. Djs And Festivals боюнча "радио-шоу анын [ван Бүрен] даңкын чыгарып бүткүл дүйнөдөгү угармандардын көңүлүн транс-музыкага бурган".

Ван Бүрен бир канча акколадага ээ болгон. Беш жыл ичинде DJ Mag журналы боюнча ван Бүрен төрт жыл катары менен "Эң мыкты дижейлердин мыктысы" деп табылган. 2016чы жана 2017-жылдары ал DJ Mag журналынын "Эң мыкты 100 дижейи" тизмесинде төртүнчу орунду ээлеген. 2014-жылы ал Тревор Гатри менен бирге жаздырган "This Is What It Feels Like" (кырг. "Мына бул ушундай сезилет") ырга "Грэмми" сыйлыгынын "Эң мыкты бий музыкасы" номинациясына талапкер болгон, ушуну менен ван Бүрен "Грэмми" сыйлыгына татыган төртүнчү транс-музыка аткаруучусу болгон. АКШда Billboard Dance/Electronic Albums чартынын баардык орундарын ээлеген.2008-жылы чыккан "Imagine" (кырг. "Элестетүү") аталышындагы студиялык альбому нидерландиялык музыка тарыхында биринчи жолу альбомдордун чартынын эң жогорку орунду ээлеген алгачкы транс-музыка альбому деп саналат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]