Астрономия

Википедия дан

Астрономия (астро... жана гр. nomos ―мыйзам) ― ааламда болуп жаткан физикалык процесстер менен кубулуштарды талдоонун негизинде асман объекттеринин, тутумдарынын жана алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле аалам жөнүндөгү илим. Астрономия сфералык астрономия, практикалык астрономия, астрофизика, асман механикасы, жылдыз астрономиясы, галактикадан тышкары астрономия, космогония, космология ж. б. бөлүмдөрдү камтыйт.

Астрономия адамдын практикалык муктаждыгынан, б. а. мезгилдик кубулуштарды алдын-ала айтуу, убакытты эсептөө ж. б-дан келип чыккан байыркы илим. Биринчи Жердин жасалма жандоочусун учуруу м-н (1937, СССР) астрономиянын жаңы доору башталган. Космостогу эң чоң (диаметри 2,4 м) Э. Хаббл телескобу 1990 жана 2005-жылы Жер орбитасына чыгарылып, Күн тутумундагы объекттерди жана планета аралык чөйрөнү изилдөөнүн жаңы ыкмалары пайдаланылган.

Азыркы астрономиянын калыптанышы дүйнөнүн геоборбору тутумунан баш тартуу жана аны дүйнөнүн гелиоборбору тутуму менен алмаштыруу, асман нерселеринин телескоп менен изилдөөнүн башталышы жана бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамын ачылышына байланыштуу. Биздин заманга чейин 2000-жылы Кытайдагы астрономия мектеби кытай астрономиясынын өнүгүшүнө салым кошкон. Астрономия ошондой эле Египетте, Индияда жана Грекияда өнүккөн. Байыркы Грекия астрономдору эч кандай аспапсыз эле көз менен байкоонун негизинде чоң ачылыштарды жасашкан. Арисстарх Самосский бардык планеталар жана Жер кыймылсыз турган Күндү айланат деп далилдеп, дүйнөнүн гелиоборбору идеясын сунуш кылган. Шумер-аккад цивилизациясынын жрец астрономдору көптөгөн кылымдар бою Күн, Ай ж.б. планеталардын кыймылдарын жылдыз фонунда катташкан. Астрономиянын көп түшүнүктөрү араб тилинен келип чыккан, мисалы, зенит, надир, альманах. Птолемей б.з. чейинки 140-жылдарында «Альмагест» деген эмгегинде астрономия боюнча бүт билимди чогулткан. Ал ошол кылымдын аралыгында негизги жетектөөчү эмгек болуп, XVII кылымга чейин астрономиялык ойлордун өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 1543-жылы поляк окумуштуусу Н. Коперниктин «Асман сфераларынын байланышы жөнүндө» деген эмгеги чыккан. Кийин Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамын жана кыймылдын үч мыйзамын Ай жана планеталардын кыймылына пайдалануу Коперник, Кеплер жана Галилейдин иштерин бириктирген. Кийинки эки жүз жылдыкта астрономия эки багытта өнүккөн. Биринчисинде чоң жана кубаттуу телескоптун жардамы менен Ааламдын көптөгөн аймактары изилденген. Экинчисинде ― планеталарды, анын жандоочуларын, кометаларды, астероиддерди изилдөөдө Ньютондун динамика мыйзамы жана кош жылдыздарды аныктоочу өсүү саны пайдаланылат[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. Астрономия: аныктама жана түшүндүрмө