Астана: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
м r2.7.3) (робот өзгөрттү: uz:Ostona
191-сап: 191-сап:
[[ug:Astana]]
[[ug:Astana]]
[[uk:Астана]]
[[uk:Астана]]
[[uz:Ostona shahri]]
[[uz:Ostona]]
[[vep:Astan]]
[[vep:Astan]]
[[vi:Astana]]
[[vi:Astana]]

18 сентябрь 2012, саат 20:39 учурдагы нуска

Отурукташкан жай
Астана
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Казакстан
Координаттар 51°11′ с. ш. 71°24′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 3 аймак
(Алмата, Сарыарка, Есиль)
Аким Имангали Нургалиевич Тасмагамбетов (2008-жылдан)
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1830-жыл
Биринчи белгиленген 1830-жыл
Мурунку аталышы 1961-жылга чейин — Акмолинск,
1992-жылга чейин — Целиноград,
1998-жылга чейин — Акмола
Аянты 722 км²
Климатынын түрү кескин континенталдуу
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили [[казакча, орусча]]
Калкы 743 014[1] адам (2012)
Жыштыгы 958 адам/км²
Улуттук курамы казактар — 65,2%
орустар — 23,8%
украинецтер — 2,9%
татарлар — 1,7%
немецтер — 1,5%
улуттун башка өкүлдөрү — 4,9%[2]
Диний курамы мусулмандар, православдар ж.б.
Этнохороним астаналык
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +7 7172
Почта индекси 010000
Расмий сайты http://www.astana.kz
 (казак.)  (орус.)
Астана (Казакстан)

Астана (каз. Астана — «борбор» - Казакстандын борбордук калаасы (Бештин айынын 10, 1997-жылы), 2009-жылындагы Баш оона айынын 1 караганда калктын саны 665,8 миңге барабар. Өлкөдөгү үч эң ири шаардардын тизмесинде 3-чү (Алматы менен Чымкент щаардардан кийин). Астанын мурунку аттары - Акмолинск (1830-1961), Целиноград (1961-1992), Акмола (1992-1998). Астана Ишим дариянын талаа сызыгында, Нурага эң жакынлышкан жерде, жайгашкан.

Тарыхы

Калаа жайгашкан жери - кербен жолдордун өтө (стратегиялык) кирешелүү кесилиши, мурунтан бери талаадагы көчмөндөрдү өзүнө тарткан. Шаардын четинде археологтор тапкандары - коло, эрте темир доордоруна жана орто кылымдарга таанык артефактылар. Эң негизги артефактылардын бирөөсү - Бозок шаарчасы, эрте орто кылымдардан (VII-VIII кк.) башатап Казак хандыгы дооруна (XV-XVI кк.) чейин иштеген эстелик.

Шаардын пай-дубалы 1830-жылы (Акмолинск атту) казак (орус дөөлөтү учурундагы аскердердин өзгөчө түрү) сепил катары коюлган. Негиздеткен - полковник Фёдор Кузьмич Шубин-экинчси, Бордино казатынын катышуучусу. Кийинчерек кичи сепил калаага чейин ирилешип кетти. 1997-жылына чейин Акмола аттка ээ болгон. "Акмола" сөзү казакчадан "Ак мүрзө" же "Ак мазар" деп которулат. Шаардан 20 чакырымда ал менен бир атту жергеси, жергиликтү бийдин мүрзөсү болгон жери. Борбордун ордун алмаштыруу учурунда шаардын атын да Астанага алмаштыруу чечим алынган (анын сөзмө сөз которулушу "башкы калаа").

Казакстандын биринчи борбору Оренбург калаасы (бүгүнкү күндө Орусия Федерациясынын курамында) болчу, кийинчирек 1925-жылы Кызыл-Ордого которулган. 1929-жылы республиканын борбору кайрадан которулган, эми Алматыга. 1997-жылдын Үчтүн айынын 10 Астана Казакстандын борбору катары расмий түрдө жарыяланды. Астанын дүйнөлүк коомчулукка жаңы борбор катары 1998-жылдын Кулжа айынын 10 таанылган.

Бүгүнкү күндө Астана бул өтө эле ири шаар, 200 чакырымдан2 ашкан аянты менен. 1999-жылы ЮНЕСКОнун чечими менен Астана "Дүйнөнүн Шаары" наамы берилген. Борбордук калаа болгондон жана "Астана - жаңы шаар" атту өзгөчө үнөмдүк (экономикалык) майдан уюштурулгандан соң шаарда бир канча жаңы-замандык архитектурдук-шаар курулуш долбордор иш жүзүнө ашырыла башталды. Калктын саны 270 миңден (1996) 600 миңге (2006) өскөн.

Борбордук калаа наамына карабастан Казакстандын мурунку борбору, Алматы, азыркыга чейин инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү боюнча Астанадан кем эмес. Азыркы учурда Алматы "Түштүк борбор" бейрасий наамга ээ.

Экономика

Шаардын чарбачылык өнүгүшүнө, 1931-1936-жылдарында курулган, Караталы атту темир жолу чоң таасирин берген. Астанада борбор боло электе Казакстандагы эң ири айыл-чарба унналарды чыгарган өнөр жайы - "Целинсельмаш", жана "Казахсельмаш" (мурунку КСРБнин 50-жылдыгынын заводу) шамал эрозияланган аймактарга атайлашкан айыл-чарба унааларда адистенген ишканасы. Андан тышкары башка өнөр жайдар бар: "Металист", насостук, вагон оңдотуу жана башка унаа жана темир иштетүүчү өнөр жайдар.

References

  1. Численность населения РК по областям, городам и районам
  2. Численность населения г. Астаны по отдельным национальностям на начало 2010 года.