Туя: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.3rc2) (робот кошту: nn:Tujaslekta
м r2.7.2+) (Робот: изменение ro:Thuja на ro:Tuia
58-сап: 58-сап:
[[pl:Żywotnik]]
[[pl:Żywotnik]]
[[pt:Thuja]]
[[pt:Thuja]]
[[ro:Thuja]]
[[ro:Tuia]]
[[ru:Туя]]
[[ru:Туя]]
[[sr:Tuja]]
[[sr:Tuja]]

4 ноябрь 2012, саат 08:22 учурдагы нуска

Ту́я (лат. Thúja), туя — Кипарис (Cupressaceae) уруусуна кирген ийне жалбырактуу өсүмдүк.

Ботаникалык мүнөздөмө

Ар дайым жашыл болуп туруучу дарактар же бадалдар, чанда гана бийиктиги 60 метрге, ал эми сабагынын туурасы 2,5 (6 чейин) метрге чейин жетет.

Жаш өсүмдүктөрдүн жалбырактары майда ийне сымал болот. Ал эми өсүмдүктүн жашы өйдөлөгөн сайын жалбырактары — кабырчыктуу келишет.

Туя бир үйлүү өсүмдүк. Тобурчагы сүйрү узун келет, 2—6 жуп кабырчыктардан турат, булардын үстүнкү экөө таза, ар дайым өсүндү алса болот, ал эми калгандары көп учурларда өнүп чыгышпайт. Уруктары ичке, майда 2 канатчан болушат да күзүндө бышып жетилишет.

Маданиятта

Туя субстрат көп тандабаган ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн бири. Шаарда же болбосо өндүрүш жайларга жакын түтүндүү жерлерде өстүрүп жашылдандырса болот. Ачык, күнөстүү жайларда жакшы өсөт. Көпчүлүк тараган өкүлү болуп Thuja occidentalis, Thuja plicata жана башка бакча формалары саналат.

Химиялык курамы

Туянын жыгачында аромодендрин, токсифоллин, сары түстөгү, жыттуу эфир майлар кездешишет. Майларды көбүнчө жалбырактарын кайра иштетүү жолу менен алышат. Жалбырактардын курамында пинен, кардиофиллен, углеводород фидрен, цедрол, пинипикрин, пиллен, пинин, туйон, дубильдик заттар, чайыр, сесквитерпен спирти бар.

Түрлөрү

Тукум Түндүк Америкада жана Батыш Азияда өсүүчү дарактардын жана бадалдардын 5 түрүнөн турат.

  • Thuja koraiensis Nakai- Корей туясы
  • Thuja occidentalis L.- Батыш туясы | жашоо дарагы
  • Thuja plicata Donn ex D.Don- Гигант туясы
  • Thuja standishii (Gordon) Carrière- Жапон туясы же Стендиша туясы
  • Thuja sutchuenensis Franch.- Сычуан туясы

Ири көлөмдө жана көп учурларда «Батыш туясы» же «Батыш биотасы» деп келинген өсүмдүктү учурда Батыш жалпак бутакча Platycladus orientalis L. Franco деп аташууда.

Туянын эн жакынкы өкүлү — долот туевиги Thujopsis dolabrata, мунун айырмасы, калың жалбырагы жана катуу тобурчактуу келет жана Тетраклинис Tetraclinis articulata.

Колдонулган адабияттар

  • ДикСССР. том=1. стр=296—309. автор=Уханов В. В. часть=Род 6. Thuja L. — Туя.