Франсиско Гойя: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м робот кошту: ru:Гойя, Франсиско
93-сап: 93-сап:
[[qu:Francisco Goya]]
[[qu:Francisco Goya]]
[[ro:Francisco de Goya]]
[[ro:Francisco de Goya]]
[[ru:Гойя, Франсиско]]
[[rue:Франсіско Ґойя]]
[[rue:Франсіско Ґойя]]
[[sah:Франсиско Гойа]]
[[sah:Франсиско Гойа]]

14 ноябрь 2012, саат 15:31 учурдагы нуска

Гойя, Гойя-и-Лусьентес Франсиско Хосе де (1746, Фуэндетодос, Сарагосага жакын – 1828, Бордо) – испан живописчиси жана гравёру. 1760-ж. Сарагоса шаарында Х. Лусан-и-Мартинестен окуган. 1773-ж. Мадриддеги Ф. Байонун өнөрканасында иштейт. 1776–80 жана 1786–91-ж. дубалга жабыштырылуучу кагаздарды чыгара турган королдук ишкана үчүн 60тан ашык панно жасайт. Г. бул чыгармаларында (“Идиш сатуучу”, “Мадрид базары”, 1778, “Жараланган ташчы”, 1786-ж. б.) ошол учурда испан искусствосуна күчтүү таасир тийгизген барокконун ыксыз салтанаттуу жана классицизмдин кургак салттарына демократизм духун каршы коёт. 1780-жылдардан тартып чебер портретчи катары таанылат. Г. 1785-ж. Мадрид сүрөт академиясына вице-директор, ал эми 1795-жылдан ошол академияда живопись бөлүмүнө директор. 1786-жылдан тартып королдун сарайында иштейт. Бул мезгилде Г. графикага өзгөчө кызыга баштайт. 1790–1800-ж. Г-нын портрет искусствосунун бийик чокусуна жеткен мезгили болот: “Капричос” (1797–98), “Согуш кырсыктары” (1810–20) деген атактуу офорттор сериясын жаратат. Мунун биринчисинде испан коомунун саясый жана нравалык негиздерин ашкерелесе, экинчисинде наполеондук баскынчыларга каршы күрөшүп жаткан испан элинин тагдыры философиялык жактан чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар

Калып:Link FA Калып:Link FA Калып:Link FA