Текебаев, Өмүрбек Чиркешович: нускалардын айырмасы
м r2.7.2+) (робот өзгөрттү: de:Ömürbek Tekebajew |
м r2.7.3) (робот кошту: fr:Ömürbek Tekebaev |
||
28-сап: | 28-сап: | ||
[[eo:Omurbek Tekebajev]] |
[[eo:Omurbek Tekebajev]] |
||
[[et:Ömürbek Tekebajev]] |
[[et:Ömürbek Tekebajev]] |
||
[[fr:Ömürbek Tekebaev]] |
|||
[[ja:オムルベク・テケバエフ]] |
[[ja:オムルベク・テケバエフ]] |
||
[[pl:Ömürbek Tekebajew]] |
[[pl:Ömürbek Tekebajew]] |
2 декабрь 2012, саат 10:23 учурдагы нуска
Өмүрбек Чиркешович Текебаев — кыргыз саясатчысы, Жогорку Кеңештин 4 чакырылыштын депутаты, "Ата-Мекен" партиясынын жана «Реформа үчүн!» кыймылынын жетекчиси (лидери).
Саясый тажрыйбасы
1958-жылдын Бештин айынын 22 Жалал-Абад дубандын Базар-Коргон аймагынын Акман айылында туулган. Улуту — кыргыз.
1981-жылында физика факультетин аяктаган. 1981-1991-жылдарында Жалал-Абад дубандын Базар-Коргон аймагынын Акман айылынын мектебинде физика боюнча мугалим болуп иштеген. 1986-1991-жылдарында университеттин физика факультетинде улуу лаборанты болгон.
1991-жылдын Бирдин айынында «Эркин Кыргызстан» улуттук-демократиялык партиянын негиздешкендердин бирөөсү болгон. Чын куран айынында Жалал-Абад дубандын монополияга каршы жана ишкердикти колдоо башкарманын башчысы, Жалал-Абад дубанынын дубандык элдик депутаттарынын Кеңешинин мүчөсү болуп калган.
1991-жылында КСРБнин Жогорку Кеңешини, юридикалык масалелер боюнча Улуттук Кеңештин Комитетин мүчөсү катары шайланган.
1992-жылында «Ата-Мекен» социалисттик партияны куруп, анын курамында Жогорку Кеңешке кирет.
1992-1994-жылдарында Жалал-Абад дубанын мамлекеттик акимчилигин жетекчисинин орун басары кызматында болгон. 1994-жылында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
1995-жылында Кыргыз Республикасынын президентке талапкер болгон.
2000-жылдын Тогуздун айынын 29 өткөн президенттик шайлоодо 13,89 % алып, Акаевтен кийин экинчи оорундун ээси болгон.