Иоганн Вольфганг фон Гөте: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м робот кошту: stq:Johann Wolfgang von Goethe
67-сап: 67-сап:
[[bs:Johann Wolfgang von Goethe]]
[[bs:Johann Wolfgang von Goethe]]
[[ca:Johann Wolfgang von Goethe]]
[[ca:Johann Wolfgang von Goethe]]
[[ckb:یۆھان ڤوڵفگانگ گۆتە]]
[[ckb:یۆھان ڤوڵفگانگ فۆن گۆتێ]]
[[cs:Johann Wolfgang von Goethe]]
[[cs:Johann Wolfgang von Goethe]]
[[cv:Йохан Вольфканк Коĕтте]]
[[cv:Йохан Вольфканк Коĕтте]]

6 декабрь 2012, саат 11:40 учурдагы нуска

Иоганн Вольфганг фон Гете
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Johann Wolfgang von Goethe
Туулган жылы: 28.08.1749
Туулган жери: Франкфурт-на-Майне, Германия
Өлкө: Германия
Каза болгон жылы: 22.03.1832
Каза болгон жери: Веймар, Германия
Ишмердүүлүгү: Акын, Драматург, Прозачы, Философ, Илимпоз
Илимий багыты: Даанышмандык доору,Сентиментализм
Жанры: Трагедия, Драма, Поэма, Роман
Кызыкчылыгы:

Иоганн Вольфанг фон Гете (нем. Johann Wolfgang von Goethe; Баш оона айныны 28, 1749, Франкфурт-на-Майне, Германия — Жалган куран айынын 22 1832, Веймар, Германия) – немис акыны, ойчул, илимпоз. Германия агартуучусунун ири өкүлү, жаңы немис адабиятын негиздегендердин бири, теориялык өнүгүштү алдын ала көрө билген көп кырдуу илимпоз.

Билимдүү бюргердин үй-бүлөсүнөн. Лейпцигде (1765–68), Страсбургда (1770–71) окуган. 1770-жылдан Гетенин чыгармачылыгында жаңы мезгил башталып, атактуу лирикалык ырлары менен драмалары жаралат. Гетенин «Фауст» (1-бөлүгү, 1808; 2-бөлүгү, 1825–31) трагедиясы 18-кылымдагы бүткүл Европадагы агартуучулук ойду жыйынтыктап, адамдын чексиз мүмкүнчүлүгүнө ишеним Фаусттун образында өтө таамай берилген.

Гёте төрөлгөн Франкфурт Майнадагыы үй. 1947—1949 жылдары калыбына келтирилген

Гетенин көркөм мурасы дүйнөлүк адабиятка зор таасир тийгизген, көп тилдерге которулган. Анын айрым ырлары жана «Фауст» трагедиясы кыргызча чыккан (1970).

Гете табият таанууда жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн салыштырма морфологиясы, физика, минералогия, геология боюнча бир нече эмгек жазган. Кадимки «морфология» деген терминди илимге Гете киргизген. Гетенин бардык чыгармачылыгы философиялык менен ширелген. Ал иштеп чыккан тааным диалектикасынын борборунда анализ жана синтез тажрыйба көлөмжана субъектин ортончусу катары түшүнүктөр болгон.

Ал философиянын тарыхы жагындагы өтө кеңири кругозорго ээ болгон. Спиноза, Артистотель, Платон, Канттын эмгектерин чыгармачылык менен таанышып чыкан. Гегель менен достук мамилеси Гетенин диалектикасынын тагдырына чоң таасир берген. Символ, столь эстетикалык түшүнүктөрүн иштеп чыккан.

Веймардагы Гетенин үйү

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8