Төңкөрүш: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
|||
1-сап: | 1-сап: | ||
⚫ | '''Төңкөрүш ''' ([[латын|латын тили]]- revolutio – бурулуш, кубулуу, кайрылуу) – [[жаратылыш]], [[коом]] же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын өсүшүндөгү терең, түп-тамырынан, радикалдуу жаңылануу, сапат жагынан өзгөрүү; жаратылыштын өнүгүүсүндөгү секирик. Өз нугу менен жай өнүккөн [[эволюция]] жана коомдук баскычтын толук эмес системасын камтыган [[реформа]]дан айырмаланып, революцияда тез, түп-тамырынан бери өзгөрүү жүрөт. Илимий термин катары алгач [[1543-жыл]]ы Н. Коперниктин «Асман сфераларынын айланышы жөнүндө» («De revolutionibus orbium coelestium») деген эмгегинде, саясий мааниде [[1660-жыл]]ы [[Англия]]дагы [[монархия]]ны кайра калыбына келтирүү үчүн антимонархиялык кыймылды басууда колдонулган. [[Саясат]] таанууда социалдык жана саясий болуп бөлүнүп, социалдык Революцияда бир социалдык-экономикалык түзүлүш экинчисине; саясий Революцияда саясий режим алмашылат. [[Марксизм]]дин теориясы боюнча [[феодализм]]ден [[капитализм]]ге өтүүдө (мисалы, 16-кылымдагы Нидерланды, 17-кылымдагы Англия, 18-кылымдын аягындагы Улуу француз, 1848–49-ж. Европадагы ж. б.) Революциялар буржуазиялык; капитализмден [[социализм]]ге өткөн (1917-жылдагы Улуу Октябрь револяциясы, [[Кытай]]дагы 1911-ж. Синьхай ж. б.) Революциялар социалисттик болуп эсептелет. Азыркы учурда чөйрөсүнө жараша геологиялык Революция (жаратылышта), экономикалык мааниде – неолит Революциясы, өнөр-жай Революциясы, маданий Революция, демографиялык Революция; саясатта – социалдык Революция, саясий Революция (коомдук); [[физика]], [[биология]], [[медицина]], [[космология]], ж. б. [[техника]] жаатында «илимий Революция»; ошондой эле «илимий-техникалык Революция» (илимде) сыяктуу түшүнүктөр да Революция деген термин менен белгиленет. |
||
'''РЕВОЛЮЦИЯ''' (латын- revolutio – төңкөрүш) – жаратылыш, коом же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын өсүшүндөгү терең сапаттык өзгөрүү (мис., геологиялык революция, өнөр жай, илимий-техникалык, маданий революция жана башкалар). Революция түшүнүгү көбүнчө коомдук өзгөрүүлөрдү мүнөздөө үчүн колдонулат. Бул түшүнүк – өнүгүүнүн диалектикалык концепциясынын ажырагыс бөлүгү. Ал сандан сапатка өтүү [[мыйзам]]ынын ички механизмин ачат. Революция өнүгүүдөгү үзүлүү жана сапаттуу секирик дегенди билдирет. Революция [[эволюция]]дан жана реформадан айырмаланат, бирок алар менен өтмө катар байланышта болот. |
|||
== Адабият== |
== Адабият== |
||
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети. |
*Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети. |
||
[[Category: Кыргызстан]] |
[[Category: Кыргызстан]] |
||
[[Category: Тарых]] |
[[Category: Тарых]] |
||
[[Category: Илим ]] |
[[Category: Илим ]] |
||
⚫ | ''' |
18 декабрь 2012, саат 10:38 учурдагы нуска
Төңкөрүш (латын тили- revolutio – бурулуш, кубулуу, кайрылуу) – жаратылыш, коом же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын өсүшүндөгү терең, түп-тамырынан, радикалдуу жаңылануу, сапат жагынан өзгөрүү; жаратылыштын өнүгүүсүндөгү секирик. Өз нугу менен жай өнүккөн эволюция жана коомдук баскычтын толук эмес системасын камтыган реформадан айырмаланып, революцияда тез, түп-тамырынан бери өзгөрүү жүрөт. Илимий термин катары алгач 1543-жылы Н. Коперниктин «Асман сфераларынын айланышы жөнүндө» («De revolutionibus orbium coelestium») деген эмгегинде, саясий мааниде 1660-жылы Англиядагы монархияны кайра калыбына келтирүү үчүн антимонархиялык кыймылды басууда колдонулган. Саясат таанууда социалдык жана саясий болуп бөлүнүп, социалдык Революцияда бир социалдык-экономикалык түзүлүш экинчисине; саясий Революцияда саясий режим алмашылат. Марксизмдин теориясы боюнча феодализмден капитализмге өтүүдө (мисалы, 16-кылымдагы Нидерланды, 17-кылымдагы Англия, 18-кылымдын аягындагы Улуу француз, 1848–49-ж. Европадагы ж. б.) Революциялар буржуазиялык; капитализмден социализмге өткөн (1917-жылдагы Улуу Октябрь револяциясы, Кытайдагы 1911-ж. Синьхай ж. б.) Революциялар социалисттик болуп эсептелет. Азыркы учурда чөйрөсүнө жараша геологиялык Революция (жаратылышта), экономикалык мааниде – неолит Революциясы, өнөр-жай Революциясы, маданий Революция, демографиялык Революция; саясатта – социалдык Революция, саясий Революция (коомдук); физика, биология, медицина, космология, ж. б. техника жаатында «илимий Революция»; ошондой эле «илимий-техникалык Революция» (илимде) сыяктуу түшүнүктөр да Революция деген термин менен белгиленет.
Адабият
- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.